Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 161

 

КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Казакстандын ТИМ башчысы Кайрат Абдрахмановду Атамбаевдин айтканына пикирин билдирип жатканда «сөздөрү бири бирине кайчы келди» деп сындады.

 

Бул тууралуу КР ТИМинен билдиришти.

 

«Ал сөзүнүн башталышында «мен дипломат жана Казакстандын сырткы саясатынын башчысы катары башка өлкөнүн башчысынын пикирине сын айта албайм» деген. Ошону менен чекит койгондо туура болмок. А бирок саясий серепчинин пикирине кошулуусу менен саясий жөнсүздүккө барды жана мунусу менен өзүнө өзү каршы чыгып жатат», - деп айтылат КР ТИМдин маалыматында.