Россиянын президенти менен Кыргызстандын президенти бүгүн, 17-ноябрда жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин маалыматына таянып, россиялык басылмалар да жазышты.
Маалыматка караганда, Владимир Путин Санкт-Петербургга барып, андагы 6-эларалык маданий форумдун ачылышына катышат.
Ошол жакта Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу болот.
Мамлекет башчылар орус-кыргың мамилелерин чыңдоочу, көп жылдык кызматташтыктын жыйынтыктарын талкуулашат.
Россия тарап Атамбаевдин Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгүнө кошкон салымын жогору баалайт.