Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- - Өмүке, саясий темада жазып, кино тартып жүрөсүз. Азыркы абалга кандай баа берип атасыз?
- - Өлкөнүн, элдин келечегине күйгөн ар бир уул-кыз азыр мамлекеттин, улуттун болочогу үчүн санаа тартып, жүрөк сыздатып турган кезең. Аңдай билгенге өтө капсалаң, курч кырдаалда турабыз. Мурда китеп жазсам, кийин кино тартып, чыгармачылык менен башбалдак атып, саясаттан окчундап кеткем. Антсе да, “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү” аттуу көркөм, “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмаларын жазып жана тартып саясатка четтей кирише калмайым бар эле.
Таластык жердештерим “Абыке, Көбөш маселесин талкуулайлы” дегенинен жыйынга бардым. “Таластыктар Манас өлгөндө Каныкей менен Семетейди батырган эмес!”, “Абыке менен Көбөштүн тукумдары бийликтен башка талапкерге добуш берип атасыңар!” дегени үчүн жердеш уулубуз Бабанов айтмакчы жаныбыз кашайып, Атамбаевге таарынычыбызды төгүп, 3-ноябрдагы Таласта өтүүчү нааразылык акциясын жапырт жабыла колдодук. Жыйын соңунда бир топ аттуу-баштуу коомдук ишмерлер менен кенен-кесири пикир алышып, учурдагы саясатты талдадык.
Эң башкы балээ - азыр Кыргызстан мындан эки жыл мурда араң түзүлгөн ЕврАзиялык экономикалык бирликтен, бажы бирлигинен чыгуу коркунучу түзүлүп турганына тынчсыздандык.
Себеби президентибиз Атамбаев кыргыз-казак чек арасынан жүк ташыган машиналар Казакстан менен Россияга өтө албай, улуу кан жол буулуп, байланыш үзүлгөнүнө Казак бийлигине нааразылыгын билдирип, “ЕАЭСтен үмүтүбүз үзүлуп, башка жол издейбиз, биз эми Өзбекстан, Кытай менен соода-сатык жасоого барабыз” деген опуртал жолдун башын кылтыйтты.
Саясат мыкчыгерлери мындай билдирүүнүн артында чоң капсалаң турганын кыйытышууда. Россия, Казакстан менен мамилени бузчу болсок... Кудай анын бетин ары кылсын! Ботом, биздин мөмө-жемиш менен кийим-кечене (элибиз байкуш чет өлкөлөргө соодалап оокат-тирилик кылып аткан башкы байлыгыбыз эле ушулар да) Өзбекстан менен Кытай талаптаар бекен?!
Бул бир. Экинчиси – бир жарым миллиондон ашык уул-кыздарыбыз Россия менен Казакстанда тирилик кылып, жашап жүрүшпөйбү. Күнү кечээ “Россияда кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүнө тыюу салуу керек” деп чыккан Орус, андан берилеп Казак бийликтери катаал чараларды кабылдап, байкуш миллиондогон жердештерибиз кайра Кыргызстанга келчү болушса... Ажобуз өткөндө айтпадыбы: “Ар киши башына ички дүң продукция бизден он эсе ашык болгону менен Кыргызстандын айылдарында, мисалы, Таласта элдин жашоосу керек болсо, казактардыкынан кем эмес” деп. Мында эки жагдайды эске алуу керек. Менин таластык жердештеримдин жарымысы жазы, жайы бою кыйналып-кысталып төө буурчак өстүрүп, оожалды. А жумушка жарамдуу калктын калган бүтүндөй тең жарымы айлык акы жогору ошол Россия менен Казакстанда иштеп-жашап, бияка акча салып турушат...
- -Сиз эки миллионго жакын деп атасыз, а биздин аткаминерлер “чет өлкөлөрдө миллионго жакын адам жүрөт” деп билдиришет го.
- Россияда жарандык алган жердештерибиздин саны 700 миңден эбак ашкан. Ал эми жарандык албай иштеп жүрөндөр дагы андан кем эмес. Ал эми Казакстанда жарандык алгандар жана албагандар болуп 200-300 миңдин айланасы айтылат. Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүндө дагы 100 миңдин айланасында жүрүшөт. Эсептеңиз, эки миллионго чукулдап барып атат. Бизде калктын саны алты миллион болсо, анын ичинен жумушка жарамдуу катмар үч миллионду түзсө, демек, тең жарымдан көп элибиз талаалап кеткен болуп атпайбы. Алар орточо айына 500 доллардан тапканда жылына 6 миллиард доллар табышат. Бул деген Кыргызстандын 6 мамлекеттик бюджетине, 2 ИДПсына (ВВП) барабар.
Саясатты тереңден билгендер азыркы кыргыз-казак чатагынын көшөгө артында дүйнөлүк ири күчтөр турганын саймедирешет. Муну биздин ажо ачык эле айтып атат: “Эл аралык миллиардерлер жана Америка” деп.
Жакында кыргыздын көйкашка таланты Төлөгөн Касымбековдун мындан бир канча жыл мурда “Азаттык” радиосуна жарыяланган (Бекташ Шамшиев жаздырган) мыкты маегин окудум. Кеменгер киши айтыптыр: “Кыргыз, казак, өзбек болуп кийин эле бөлүндүк. Мурда бир эл болгонбуз” деп. Тарыхка кылчайсак, алыска барбай, бери 9-13-кылымда Кыргыз, казак, өзбек элдери Караханид каганатын дүңгүрөткөнү маалым. Эсил Төкөбүздүн дагы бир таасын ою: “1916-жылдарда Орус падышачылыгы орустарды атайын Нарын, Ысык-Көлгө чейин жиберип, Кытайлардын кирип келүүсүнүн алдын тоскон” деп. Анан айтат: “Орустан кыргыз жамандык көргөн жок. Илим-билимге, маданиятка, жакшы турмушка жеттик. Саныбыз бир миллионго араң жетсе, беш миллионго көбөйүп өсүп-өндүк” деп. Акылга дыйкан Төкөбуздүн бул дегендерин улуу аталарыбыздын урпактарына таштаган баалуу осуяты деп түшүнүшүбуз ылаазым.
Казак кесиптештерим менен чогуу “Караханид таажысы. Же, алтындан кымбат махабат” аттуу көркөм тасманы баштаганы турганбыз. Бишкекте, Астанада, Москвада, Стамбулда тартмакбыз. Түркиядан “Султан Сулеймандагы” Мустафаны аткарган Мехмет Гүнсюр өңдүү Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын белгилүү актёрлорун чакырмакпыз. Саясат кедерин тийгизип, фильмибиз токтоп калды. Ага чейин эми башка бир долбоорлорду колго алып, Москвалык ири дистрибьютердик окмпания менен жаңы тасма тууралуу макулдашууга жана “Россиядагы кыргыздар” аттуу даректүү тасма тартканы Москвага аттанганы тургам. Россиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери Кубатбеков менен Аттокуровго чыгып, Москвада кыргыз, казак, орустун белгилүү-белдүү илимпоздору, коомдук ишмерлери менен учурдагы курч абалды талкуулаган жыйын өткөрүп, анын жыйынтыгында Кыргызстан, Казакстан, Россия жетекчилерине кайрылуу кабылдоону сунуштадым.
- - Биздин коомдук жана саясий ишмерлер жабыла Казак президентине кайрылуу жолдоп атышса, сиз эл аралык деңгээлде караш керек деген сунуш киргизипсиз да.
- - Анткени, бул эл аралык маселе. Жалаң Бишкекте чечилчү маселе эмес. Москва ЕАЭСтин очогу болгондуктан дал Россия борборунда эл аралык деңгээлдеги ишмерлер Путин, Назарбаев, Атамбаевге кайрылышып,бир тууган кыргыз-казак калкы кептелген, андан өтүп эл аралык уюмга шек келтирген саясий кыйын кырдаалданчыгаруунун жолун чогуу издешсе. Ажобуз Алмазбек Шаршен уулу кылкылдаган калың элдин, араң эгемендикке жетип, эми там-туң туруп келаткан мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Казак эл башы Нурсултан Абиш уулунан жакшылап кечирим сурап (кызуу кандуулук менен ашкере катуу кетип алды), Нураке болсо дүйнөлүк даражадагы лидер катары айкөлдүк кылып (өзү жаатташкан Европа менен Россияны, Эрдоган менен Путинди жараштырып жүрбөйбү) ыза-таарынычтардыкечип, бир тууган эки элдин ортосуна түшүп турган ажырымды алып салса... Жаңыдан түзүлгөн ЕврАзиялык бирликке кам көрүп, Россия президенти Владимир Владимирович ортомчулук, арбитрдик кылып берсе деген тилек...
- -Ылайым тилегиңиз ишке ашып, бир тууган, жамаатташ элдерибизге ынтымак-ырашкерчилик, бакубатчылык буйрусун!
Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ