Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Орусия Мамлекеттик думасынын вице-спикери Игорь Лебедевден “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкты кылдат окуп чыгууну өтүндү.
"Кыргыздар Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүш күнүн улуттук майрам катары кабыл алды деген Мамдума депутатынын пикири анын контексти толук түшүнбөгөндүгүнөн кабар берет”, - деп айтылат президенттик аппарат тараткан билдирүүдө.
Анда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлык 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталганы айтылат. Ал эми 1916-жылдагы окуяларды Кыргызстанда Октябрь революциясын позитивдүү кабылдоонун себепкери катары түшүнүү адилеттүү эле көрүнүш экени баса белгиленген.
«Жолдош И. Лебедев мырзанын чагылгандай тез реакциясы ал бул текстти кунт коюп окуганга жетишпесе керек деп божомолдоого мүмкүндүк берет. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз. Ага кошумча Россия Федералдык архив агентчилиги чыгарган «Россия и Киргизия. 1916-2016. Вехи совместной истории» деген архив документтеринин жыйнагы менен да таанышууну сунуш кылабыз. Ошондо ал бул темада кызыл кулактык кылуу, бул үчүн эмгек мигранттарын кектөө такыр эле адептүүлүккө жатпасын жана суверендүү мамлекетке карата мындай мамиле жасоого болбой турганын түшүнөт, - деп белгилейт президент аппараты.
Мамлекеттик Думанын вице-спикери Игорь Лебедев 26-октябрда Орусияда кыргызстандыктардын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алуу маселеси каралып жатканын билдирген. Лебедев РИА-Новости агенттигине берген маегинде Кыргызстанда 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" болуп жарыяланганын Орусия менен достукка доо кетиргени катары сыпаттаган.