Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы эртеӊ кезексиз жыйынга чогулаары айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, кезексиз жыйында спикер Чыныбай Турсунбековдун отставкага кетиши каралат. Бул тууралуу ал арыз жазса, эртеӊки жыйында каралат.
26-октябрдагы пленардык жыйында Турсунбеков спикерликтен кетиши боюнча расмий билдирүү жасайт. Анын ордуна «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков келиши мүмкүн.