Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

 

Бүгүн президент Атамбаев мыкты окуган студенттерге жогорулатылган стипендия тапшырды.

 

«Кыргызстандагы демократинын АКШга такыр кереги жок», - деди президент.

 

Айтымында, бир нече жыл мурда АКШнын Россиядагы элчиси болгон Майкл Макфол Жээнбековдун президент болушу Кыргызстандын демократиясына кедергисин тийгизет деген пикирин билдирген.

 

«Демек, эгер биз Казакстандын олигархтарынын же АКШнын талапкерлерин шайлаганыбызда демократияга жакшы болмок экен. Ушуну менен эле АКШга биздеги демократиянын тыйынча да зарылчылдыгы жоктугун билүүгө болот. Аларга баары бир. Аларга бизде хаос болгону керек», - деди президент.  

 

«Эгемендүүлүгүбүз элибиздин эӊ башкы жетишкендиги», - деп кошумчалады Атамбаев.

 

Ал эми шайлоодо админресурс колдонулду деген пикирлерге 2007-жылы Бакиевдин бийлиги атаандаштарын асып, өлтүрүшкөнүн эске салды.