Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 196

 

Президенттик шайлоодо атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болушу менен башка өлкөлөрдөн башчыларынан куттуктоо ала баштады.

 

Алгачкылардан болуп Россиянын президенти Владимир Путин куттуктоосун билдирди. Ал куттуктоосунда Кыргызстандын жаңы президенти Кыргызстан-Россия өнөктөштүгүн өнүктүрөөрүнө ишенээрин билдирген.

 

Андан кийинки куттуктоо Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге таандык. Ал да жаңы президентти шайлоодон жеңишке жетиши менен куттуктап, кыргыз эли тынчтык жана стабилдүүлүктү тандап алганын белгилеген.