Мына, ошентип, президенттик шайлоо да соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген маалыматына таянсак, шайлоодо КСДП партиясынан президенттикке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков 52,8 пайыз менен алдыда келатат. Шайлоо баарыбыз күбө болгондой чоң атаандаштыкты камтыды. Башкы атаандаштар Жээнбеков менен Бабанов болду. Шайлоо жыйынтыгына саясатчылардын биригүүсү да маанилүү роль ойноду.
«Ата Журт» саясий мекенчил партиясынын лидери, саясатчы Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуп катталган болчу. Бирок, кийинчерээк үгүт иштери кызуу жүрүп аткан маалда талапкер болуудан баш тарткан. Мындай кадамын талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганы менен түшүндүргөн. Эки талапкердин биригүүсү, Ташиевдин Жээнбековго жол бошотуусу Жалал-Абадда коомчулукка расмий жарыяланып, бул эл тарабынан жылуу кабыл алынган. Ташиевдин маалымат каражаттарына берген маектерине таянсак, президенттикке умтулгандар арасында коомго таасирдүү саясатчыларды өз тарабына тартууга сүйлөшүүлөр катуу жүргөн. Ошол эле Өмүрбек Бабанов Камчыбек Ташиевди кайрадан багытташ болуп, шайлоодо ымала түзүү сунушун киргизген экен. Кайрадан дегенибиз, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Ташиев жетектеген «Ата Журт» партиясы Бабановдун «Республика» партиясы менен биригип, шайлоого чогуу барышкан. Ал шайлоодо аталган партия КСДП партиясынан кийинки эле орунду ээлеп, парламенттеги мандаттардын көбүн энчисине алган. Бул жеңиш Камчыбек Ташиевдин түздөн түз салымы болгону айтылган. Ташиев өзү шайлоого аз убакыт калганда провокациядан улам жарыштан четтетилгенине карабай, саясатчынын шайлоочулары жапырт «Республика-Ата Журтту» колдоп беришкен. Анын шарапаты менен Өмүрбек Бабанов парламенттеги көп мандаттуу фракциянын лидерине айланган.
Президенттик шайлоо алдында да Ташиев Бабановго керек болду. Анткени, Ташиев шайлоого аз калганда жарыштан четтеп калгандыктан, коомчулук колдоонун баары Бабановго багытталгандай кабыл алганы менен, Бабанов өзү ичинде иш кандай болгонун билип турган да. Бул жолу да Ташиевдин көмөгүсүз жетиштүү добуш ала албай калышына көзү жетип, дагы бир жолу өз кызыкчылыгына пайдалануу идеясын ишке ашыргысы келген. Бирок, бул жолу Ташиев алданган жок. Ал өз позициясында бекем туруп, мамлекеттин келечеги үчүн татыктуу жолду тандады. Сооронбай Жээнбековго жол бошотуп, талапкерлигин алып салды эле, аны колдогон эл Жээнбековдун тарабына өтүштү. Буга бир гана мисал, Жалал-Абад облусу боюнча 59,1% добуш топтоду. Бул добуштар Камчыбек Ташиевдин электораты экени айдан ачык. Мындан улам Сооронбай Жээнбековдун жеңишине Камчыбек Ташиевдин ат көтөргүс салымы бар деп ишенимдүү айтууга болот.