Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

 

Президент Атамбаев бүгүн Баткен облусундагы аскер кызматкерлери үчүн курулган үйдүн азылышына катышты. Анда сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы учурдагы кыргыз-казак чегарасындагы акыбал тууралуу өз оюн билдирди.

 

Айтымында, акыркы үч күндөн бери кыргыз-казак чегарасындагы башаламандыкты, ЕАЭБдин нормасы жана келишими бузулган абалды сырттан байкап турат.

“Элибизге көп сыноолорду басып өтүүгө туура келди. Кыргыз элинин жазмасына үч миң жылдай болду, башкача айтканда, биздин эл болбоду дегенде үч миң жылдык тарыхка ээ. Үч миң жылдык тарыхы бар эл эч убакта үч күндүк ачкалыктан коркпойт жана эч убакта басымга басынып, же акчага алданып чет өлкөлүк “шестеркаларды” шайлашпайт”, - деди президент.

 

“Биздин элге намыс жашоодон да бийик. Биз көп нерсени көрдүк. Эгемендүүлүгүбүздү сактайбыз. Чет өлкөнүн “шестеркаларына” жол жок!” – деп белгиледи президент.

 

 Мамлекет башчысы Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоосу керектигин белгиледи. Ал илгери Казакстанды ачарчылык каптаган маалда казактарды ачарчылыктан кыргыздар сактап калганын эске салды.

 

“Бирок, кыргыздарды коркутуп, же сатып алам дегендер катуу жаңылышат. Кыргыз эли эч убакта тизелеген эмес жана мындан ары да тизелебейт!”- деп сөзүн аяктады президент.