Бүгүн штаб интернетте тарап жаткан мындай сөздөрдү жалган деп атап, “Бүгүн эртең менен региондордо Бабанов жана Жээнбековдун үгүтчүлөрү шайлоочуларга Сариев алардын талапкерлерине кошулганы тууралуу ушак-айыңдарды тарката башташты. Бул жалган жалаа! Темир Сариев президенттик жарышта өз талапкерлигин албайт жана жеңиш үчүн аягына чейин барат” деген билдирүү таратты.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 11 талапкер ат салышууда.
Бабанов менен Жээнбековдун өкүлдөрү Сариевдин штабынын бүгүнкү билдирүүсүн комментарийлей элек.
Азаттык