- Каныбек мырза, президенттин “таза шайлоо өткөрөм” деген далалаты ишке ашабы же аны бетине кармап алып, айрым учурда аша чаап баратабы?

 

- Президент таза шайлоо өткөрүү далалатын кечээ же бүгүн эмес, эки-үч жыл мурун эле ойлонуп, ошонун алкагында даярдыктарды көрүп, иштей башташы керек эле. Тилекке каршы, ал кишинин сүйлөгөнү менен жасаган иши дал келбей жатат. Айтайын дегеним,   “мураскер калтырбайм” деп ар кайсы сөздү  айтып, элдин башын айлантты. Көрсө, мураскер темасында жөн эле кылыктанып жаткан экен. Үч айдан бери жалпы журтка анын мураскери ким экени  белгилүү болуп калды. Ал аз келгенсип, ачыктан ачык эле ага карата үгүт жүргүзүп, аны зордук менен шайлатууга аракет кыла баштады. Президенттин мына ушундай жүргүзгөн олдоксон саясатынын кесепетинен  10-15-жылдан бери саясый аренада бышып жетилген талапкерлер менен тиреш катуу боло турган абалга жеттик. Өкүнүчтүүсү,  шайлоо алдында мамлекетибизде  татаал, коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Тарых алдында буга президент  күнөөлүү болот. Баарынан кызыгы, бийлигине таянып алышып, кылгылыктын баарын кылып алышып, эми алапайын таппай ар кимге доомат артып жатышат. Алардын туура эмес саясатынын кесепетинен компроматтар согушу күчөп,  азыр талапкерлер бири-бирин талкалоо менен алек болуп калышты. Эгер акылга келип, кырдаалды жөнгө салышпаса, 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бир эмес, эки-үч тарап тең тааныбай тургандай абалга кептелебиз.

 

- Быйылкы президенттик  шайлоодо эмнегедир талапкерлердин ата-жотосуна чейин иликтеп, тегине басым койгон жагдай орун алды. Бул атайын жасалып жаткан нерсеби же ийгиликке жетем деген тарап мындай ыкманы аргасыз колдонуп жатабы?

 

- Өкүнүчтүүсү мындай ыплас нерсенин  баары бийликти колунан чыгаргысы келбеген тараптын аракети менен ишке ашып жатат. Анткени, президент болуп бийлик сүрөбөгөн  Бабанов  же Мадумаров келип калса азыркы бийликтин тарапташтарын жок кылышат.  Бийликтен кол жууп калгысы келбегендер ар кандай жол менен аты аталган эки инсанды каралап, элге жаман көрсөтүштүн, президенттикке өткөрбөстүн айласын жасап жатышат. Бирок, алар 16-октябрдан баштап бул бийликтин күнү  бүтүп, былыктарынын баары чыгып, азыркы бийликтин орду түрмө болуп калышы мүмкүн экенин эстешкен жок.  

 

- Кыргызстандагы саясый кырдаал чектен ашып бараткан жокпу? Анткени,  буга чейинки президенттик шайлоолор тынчтык жолу менен эле өтүп, кимдин президент болоору күн мурунтан эле билинип калчу. Бу сапар кырдаал курчуп бараткандай сезилет...

 

- Туура. Кырдаал курчуп, талапкерлер кыл чайнашкан мезгилге жакындап, чектен ашкан жагдайлар да орун ала баштады. Себеби, компроматтар согушу жалаң бийликтин атаандашы делген талапкерлерге гана колдонулуп, ал официалдуу бийлик менен  бирдикте ишке ашып жатат. Ошон үчүн акылга сыйбаган нерселер орун алды. Маселен, энеге, улутка асылуу туура эмес. Эгер улутка бөлүп, тегине тийише турган болсок анда  улуттар ассамблеясынын кереги эмне? Башка улуттарды басмырлап, жек көрсөк ар башка улуттагы элдердин достугун чыңдап не кылабыз. Түшүнүшсө атаандаштын тегине асылып, улутардын ар-намысы менен абийирине шек келтирем деген саясаттын өзү  Кыргызстанда ар башка улуттагы элдердин достугу болбосун деген саясатка жол берип жатпайбы.

 

Бабановдун энеси 5 жашында кыргыздардын колуна түшүп, кыргыз болуп  калган экен.  Көзү өтүп кеткен апанын кандай айыбы бар? Билишсе атаандаштарынын акылга сыйбаган ыкмаларды колдонуп, элдин колдоосун жок кылабыз деген  мына ушундай аракеттери  элдин кыжырын ого бетер кайнатып жатат.

 

- Сиз колдоого алып, ишеним артып жаткан Өмүрбек Бабановго Россиядан, Казакстандан кылмыш иши козголду деген маалыматтар чыга баштады. Ал жакта дагы  Бабановду кысуунун, сындыруунун аракети башталдыбы же бул адаттагы кара пиарбы?

 

- Эгер Бабановго кылмыш иши козголгон болсо, соттук териштирүүлөр болот эле го. Менимче мындай маалыматтын баары  Бабановго болгон чабуул. Мен мындай кептерге ишенбейм. Анын психикасына ойноп, алсыратыш үчүн кимдир бирөөлөр ушундай маалыматтарды таркатып жатышат. Чынында кандай кысым, кандай каралоо болуп жаткан менен андан тескерисинче Бабановдун кадыры күн сайын эмес, саат сайын  өсүп жатат.

 

- Бирок, ага улут аралык жаңжалды козутуп жатат деген доомат коюлуп жатат го?

 

- Мындай дооматтар шайлоонун акыркы жумаларында күч алып кетти. Официалдуу күчтөр  улут аралык мамилени дыкаттык менен көзөмөлдөгөндүн ордуна провокацияга жол берип жатышат. Айтайын дегеним,  Бабановдун  Ош  шаарындагы өзбек улутундагылар басымдуулук кылган Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзүн контексттен жулуп алып, аны көбүртүп- жабыртып, КТР баш болуп көрсөтүп жатканы чоң кооптонууну жаратат. Керек болсо жогору жактагылар бул аракети менен өздөрү  улуттар аралык маселени жикке бөлүүгө аракет кыла баштагандай таасир калтырат. Айтайын дегеним, мындай нерсеге этияттык менен мамиле кылбаса, арты келип эле официалдуу бийликтин өзүнө доомат болуп тийет. Мен да кандай болуп кетти деп алымдын жетишинче  изилдедим. Оштогу туугандар менен да сүйлөштүм. Көрсө,  10-15 өзбекти “Бабановдун жолугушуусуна барбайсыңар. Кокус жолугушууга барсаңар сүрөткө тартып алып, антебиз, минтебиз” деп коркутушкан экен. Андай нерсе Ошто эле эмес бүтүндөй түштүктө орун алып жатат. Бабанов жанагындай сөздү жооп иретинде айтыптыр. Негизи  Бабановдун бир нерсени тез кабыл алып, тез трансформация кылып, тез алып чыга турган таланты бар экен. Ага карата уюшулуп жаткан чагымчыл иштерге  тез реакция кылып, жооп берип койгону үчүн күнөөлөп элге жек көрсөтүүнүн айласын жасап жатышат.

 

- Канат Исаев Бабановго ыктаганы үчүн камалдыбы же ал кимдир бирөөнүн заказын аткарып, Өмүрбек Токтогуловичке  сокку уруш үчүн ошондой кадамга барганбы?

 

- Мен Канат Исаевди  көптөн бери билем. Ал жаркылдап өсүп келе жаткан, келечекте чоң ийгиликтерге жете турган жигиттердин бири.  Канат Кедейканович  адилетсиздик менен арамдыкты көтөрө албаган, кандай маселе болбосун бетке айткан, бетке чабар  жигиттерден. Ал кайда болбосун,  токтоолугу, өткүрлүгү менен иш алып барчу. Ошон үчүн жогору жактын катачылыгын да бетке айтып, официалдуу бийлик менен келише албады.  Кечээги коомчулукка тараган видео тасманы аны жек көрсөтүш үчүн, келечегине балта чаап, тизгинин тарттырыш үчүн  атайын жасашкан. Аны таратууга жашыруун органдар да аралашкан. Мен Канат Исаевдин мамлекетке төңкөрүш жасайм деген планы болгонуна ишенбейм. Себеби, элдин ишенимине ээ болуп жаткан Бабанов менен Исаевге төңкөрүш жасоонун кереги деле жок. Сыягы, Бабанов алдыга кетип жаткан үчүн аны тарапташтарынан ажыратуу максатында  ушундай провокация жасашты.

 

- Бабанов бийликтин талапкерине реалдуу атаандаш болгон үчүн ушундай тагдырга туш болуп жатабы же ийгилик Бабановго жылмайганы калдыбы?

 

- Буюрса, ийгилик Бабановго жылмайганы калды. Анын мамлекетти  түп тамырынан бери  өзгөртүшүбүз керек деген сөзү бийликти колунан чыгаргысы келбеген топко жакпай, алардын  айласын кетирип жатат. Ошон үчүн ыгы келсе да, келбесе да  болгон аракеттерин Бабановду каралап, элге жаман көрсөтүүгө жумшап жатышат.

 

- Президенттик шайлоодо биригүүлөр ошол эле мезгилде ажырашуулар да орун алып жатат. Негизи президенттик шайлоодо биригүүнүн зарылчылыгы барбы?

 

- Чынында биригүү азыркы тапта аба менен суудай керек. Анткени, президент таза шайлоо өткөрөм деген аракетин азыр эмес, мурдатан баштаганда ар ким өзүнүн программасын элге жеткирүү менен алек болушмак. Азыр мураскер, чабандести президент баш  болуп сүрөп жатканы үчүн  башка талапкерлер кыска убакыттын ичинде биригүүгө аргасыз болушту.

 

- Кокус шайлоонун жыйынтыгы таанылбай калса, бийлик Сапар Исаковдун колуна өтөт деген да божомолдор бар. Ушул нерсе ишке ашуусу мүмкүнбү?

 

- Эл менен ойнобош керек. Президент ага, буга алданбай шайлоону так жана таза өткөрүп, стабилдүүлүктү сакташы керек. Президент баш болуп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай коё турган болсо, анда башкалардан мурун президенттин өзүнүн келечегине кыйын болуп калат.

 

- Шайлоо тынчтык жол менен өтөт деп ишенсек болобу?

 

- Ишенсек, ишеним артсак болот. Бирок, тилекке каршы акыркы мезгилде таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар болгон, бардык нерсеге адилет карап,  арбитр боло турган органды көрө албай жатам.

 

- Текебаев менен Садыр Жапаров президенттикке талапкер болобуз дешкени үчүн камакка алындыбы?

 

- Алар эки жыл талапкер болобуз деп деле айтышкан эмес. Ал экөө тең экономикалык, инвестициялык саясатыбыз коррупциялашып  кетти деген маселени көтөрүп чыгышкан. Чынын айтыш керек экөө тең туура маселе көтөрүшкөн. Жапаров “Кумтөр” боюнча маселе көтөрсө, Текебаев өтүп жаткан тендерлер жана Кыргызстандын башка баалуулуктарын сатууга катуу турган.  Ошол маселелер апогейине жеткен үчүн саясаттын курмандыгы болуп калышты. Бүгүнкү күндө аларды президенттикке  көтөрүп алууну өздөрү эмес, эл айтып жатат.   Бийлик аларды камаганы менен өзүнө күчтүү атаандаштарды жаратып алды.

 

- Садыр Жапаровдун атасына топурак салдырбай койгону мыйзам жаатында туура болдубу же бул жерден колунда бийлиги барлар аша чаап кеттиби?

 

- Кыргызстандын, кыргыз элинин салты бар. Кандай болгон күндө да ошол салтты сакташыбыз, коргошубуз керек. Нуркожо атабыз арманда кетти. Өкмөт, сот бийлиги кеңешип туруп эле жакшынакай кылып алып барып, кайра алып келсе болмок. Бул нерсе Садырдын эле жүрөгүнө эмес,  Садырдын колдоочулары жана жалпы эле кыргыз салтын ыйык туткан кыргыздардын жүрөгүндө  чоң кара так болуп калды.  Өлүм деген ыйык нерсе. Ошон үчүн акка моюн сунду деп айтабыз. Бул жерден президент баш болгон официалдуу бийлик чалпоолугун көрсөтүп, атасына топурак салдыртпай, катачылыкка жол берип коюшту.

 

- “Кумтөр” боюнча экологиялык акыбалыбыз эске алынган жаңы келишим даярдалып жаткан экен. Эгер ал келишим колдоого алынса катастрофа болот деген жагдайлар жолго коюлабы?

 

- Күлкүм келип жатат. Президенттик шайлоо болгону жатса, жаңы келишим даярдап  кайда шашып жатышат. Келишимди жаңы президент менен  жаңы өкмөткө калтырышсын. Сапар Исаковдун өкмөтү жолунан өрт чыккансып, “Кумтөр”боюнча жаңы келишимди түзүүгө аракет кылып, “Мегакомду” сатып,  бир жака качып кетүүнү пландап жаткан сыяктуу?

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg”