Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 748

 

13-октябрда УКМКнын мурдагы төрагасы, 2010-жылдан кийинки кыска убакытта эле укмуштуудай тездик менен байып алган Кеңешбек Дүйшөбаев борбор калаабызда маалымат жыйынын берүүнү пландап атканын уктук. Болгондо да ал маалымат жыйынын “Канат Исаевди коргоо комитетинин атынан” деп берет экен.

 

Картинки по запросу Кенешбек Душебаев

 

Бизде ушундай комитеттерди түзө калмай адатка айланып калганын билебиз. Кайсы бир саясатчы коррупция же паракорлук сыяктуу мыйзам бузуулар менен камакка алынса эле, ошону “коргоо комитети” түзүлө калат. Эми бул ирет бийликти басып алуу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча берип атканы видеоматериал менен тастыкталган К. Исаевди коргоо комитети түзүлө калганын кантебиз?

 

К. Дүйшөбаевдин мындай кадамга барып атканын жүйөөлүү себеби бар. Ал себеп – жогоруда айтып кеткенибиздей эле 2010-жылдан кийинки кыска убакыт аралыгында ээлик кылып алган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн “аш кылып” кетүү, башкача айтканда “ошол мүлктөрдү кайсыл акчага, кайдан келген акчага алдың эле?” деген суроого жооп бере албай соттолуучунун “скамейкасында” отуруп калбайын деген аракет. Ошондон улам ал учурда Ө. Бабановду сүрөөнгө алып аткан арты таза эмес саясатчылардын бири.

 

Анын бул маалымат жыйынын өткөрүүсүнүн негизги максаты – “Мына бийлик куугунтук кылып атат” деген лозунгду карманып, элди топтоп, тополоң уюштуруу болууда. “Эптеп ушундай жол менен Бабановду бийликке алып келип алсак, жеген-ичкендеримди сиңирип кетем, андан сырткары дагы майлуу-сүттүү кызматка отуруп калышым кеп эмес” деген ойдо болуп атканын эң сонун түшүнүп турабыз.