Жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Темир Сариев менен казак олигархы Булат Утемуратовдун үндөрүнө окшош делген аудиожазуу интернетке тарады.
Анда Т.Сариевдин үнүнө окшош делген адам Б.Утемуратовго телефон чалып, кезигишүүнү сунуш кылганы жана кезигүү үчүн Алматыга барып, ал жактагы сүйлөшүүлөрү да орун алат. Сөз арасында Сариевдин “сен тараптан жардамдар болбой жатат”, “тиги жак не болду?”- деген, ал эми Утемуратовдун “Биз силерден маалыматтарды күтүп жатабыз” ж.б. сөздөрдү угууга болот. Айтор, баягы сырткы күчтөрдөн таасир күтүү балээси. Бул балким атайын атаандаштардын сценарийи дейли десек Сариев азыр анча деле таасирдүү болбой калды. Демек, анык эле “алло, алоо”- дешкен окшойт да.
Булак: “Майдан. kg” гезити