Президент Атамбаевдин билдирүүсүнө Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев расмий маалымат таратты. Бул Казакстандын өкмөтү тарабынан жарыяланды.
«Ушул жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айрым аспектилерге байланыштуу сылык эмес жана достукка жатпаган билдирүү таратты.
Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүн жактаганымды билдирүү менен, президенттин шайлоонун алдындагы чагымчылдык, жоопкерчиликсиз жана жалган пикири өлкөлөрүбүздүн кылымдарды карыткан достугуна зыянын тийгизбеши керек деп ишенем.
Буга байланыштуу дароо кыргыз коомчулугуна Казакстандын экономикасындагы реалдуу өсүштөр тууралуу маалымдагым келди. Көз карандысыздык жылдарында биздин экономика 20 эсеге өстү. Казакстан 2012-жылы дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере алган 50 өлкөнүн катарына кирди.
Өлкөдө күчтүү улуттук экономикалык бизнес түзүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде Казакстан 35-орунда турат.
Бүгүнкү күндө ишкерчиликтеги 1,3 млн түзүм улуттук байлыктын ¼ бөлүгүн өндүрөт», - деп айтылат казак премьер-министринин билдирүүсүндө.