Саясаттагы күрөштөрдөн улам депутат Канат Исаев камакка алынып, анын арты менен бир тууган агасы ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын жетекчиси Талант Исаев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

 

Генерал болуп туруп бир тууганым камалганда кызматта турбайм таризинде. Албетте, бул өзүнчө сөз. Ал эми айта турганыбыз аталган бош орунга, тагыраагы ИИМдин МАККББнын башчылыгына Улан Асанов аттуу жигит келди. Бул жигиттин аталган кызмат жетекчилигине келишине профессионалдуулугу эмес, Арашандан болгондугу таасир этиптир. “Таанышың болсо танкасың”- дегендей эле кеп болду. Улан мырза буга чейин аталган башкармалыктын Октябрь районунда жетекчилик кылып келген. Бирок, али бул кызматты жетектөөгө быша электигин адистер айтышууда. Жашасын Арашандыктар дейлиби?

 

Булак:  “Майдан.kg” гезити, №45 (323), 06.10.2017-ж.