Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 396

 

Теледебатта президенттик шайлоодогу башкы атаандаштар Бабанов менен Жээнбеков бет келишип, бири бирин болушунча айыпташты. Алар негизинен ким Максим  Бакиевдин досу болгон деген суроого жооп табууга аракеттеништи.

 

Сооронбай Жээнбеков «Кумтөрдүн» тагдырына кызыккан көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип атып, 2009-жылы компания менен келишим түзүлүп атканда азыркы атаандашы Өмүрбек Бабанов Максим Бакиев менен ынак дос болуп жүргөнүн эске салды.

 

“Бардык схемаларды экөөлөп түзгөнсүңөр”, - деди Жээнбеков.

 

А Бабанов буга “Максим Бакиевдин досу премьер-министр болду” деп жооп берди.

 

Жээнбеков Бабановдун  акыркы революцияга катыштыгы жок деди эле, Бабанов 2010-жылы Ошко барганда Жээнбеков жашынып калып, Атамбаевдин жанында өзү жүргөнүн айтып берди.

 

Жээнбеков муну калпка чыгарды жана жооп берүүдөн баш тартты.