Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 657

 

Албетте, Өмүрбек Бабанов өзү 1-октябрдагы өткөргөн маалымат жыйынында аябай актанып алды. «Менин криминалдар менен эч кандай байланышым жок, криминалдар азыр кимге иштеп атканын көрүп атабыз» деп тескерисинче өзүнүн башкы атаандашынын бетине көө сүйкөгөнгө аракет жасады.

 

 

 


Анын минтип актануусуна 15-октябрда ызы-чуу салуу жана башамаландык уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алуу планын жүзөгө ашыруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн бирине 800 000 сом берип атканы видео тасмага түшүп калган депутат К. Исаевдин камакка алынышы себеп болду. Андан тышкары уюшкан кылмыштуу топтун дагы башка эки мүчөсүнүн телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу да коомчулукка белгилүү болду. Андан К. Исаев Ө. Бабановдун атынан сүйлөп, ачык эле төңкөрүш уюштуруу керек экенин айтканын өз ара сүйлөшүп атышканын угабыз.


Бабанов бул боюнча «Канат Кедейканович ал акчаны кимге, эмне себептен бергенин билбейм, буга ал өзү жооп бергени жакшы болот» деп кутулду. Андыктан бул фактыны азырынча тийбей кое туралы. Бирок, андан башка да криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү аны курчап алганын кайда жашырабыз?
Маселен, азыркы тапта Нарын облусунун территориясында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү каймана аты «Марс» деп аталган М. Сулайманов жана «Токо» каймана атындагы Т. Гобукеев экөө жаштардын жана спортчулардын арасында Ө. Бабановдун талапкерлигине үгүт иштерин жасап жүрүшкөнүн жергиликтүү тургундар айтышууда. Алардын бул кызматы үчүн Бабанов шайлоодон жеңишке жетишсе Т. Гобукеев үчүн Кытайдан Кыргызстанга керектүү товарларды ташууда бардык тоскоолдуктарды алып салууну убада кылган экен.


Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү У. Токтосунов («Сакал»), М. Аманкожоев (Муся) жана Ч. Таалайбек уулу Кара-Балта шаарында жана Талас облусунда спорттук иш-чара уюштурууну пландаштырышып жатышканын билгендер бизге кабарлашты. Бул иш-чараны уюштуруунун башкы максаты – жаштардын уюштурулбаган бөлүгүнөн Ө. Бабановдун тарапташтарын бириктирүү болуп саналат экен. Бул спорттук мелдешти уюштурууну каржылоону, маселен баалуу сыйлыктарды алуу, азык-түлүк менен камсыз кылуу милдетин Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Ф. Иминов өз мойнуна алган.  


Ал эми уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү У. Токтосунов менен криминалдык идеологияны бөлүшүп жүргөн 36 жаштагы Көк-Жар айылдык округунун спикери Жумалиев Эдил Аламүдүн районунда үгүт иштерин жүргүзүп жүрөт.


Мындан сырткары уйгур улутундагы кыргызстандыктар жашаган аймактарда экс-депутат Турсунтай Салимов жана учурдагы депутат Фархат Иминов экөө Бабановдун талапкерлигин үгүттөп жүрүшкөнү белгилүү болду.


Мына ушул фактылар президенттикке талапкер Ө. Бабановдун бийликке жетүү үчүн криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүн колдонуп атканын дагы бир жолу тастыктайт. Эми муну кантип танаар экен?