Бишкек, «Саясат. kg». Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов чукул жыйын өткөрүп, Канат Исаевдин камалышы тууралуу билдирүү жасады.
«Канат Исаев мени шайлоо алдындагы үгүт иштеринде колдоого албаса, ал мындай акыбалга туш келмек эмес. Ал принципиалдуу адам. Мен аны жана башка тарапташтарды каржылабайм. Ал кайсы акчаны кимге бергенин билбейм. Ал өзү тергөөдө айтып берсе керек. Интернетке коюлган видеодо бийликти күч менен басып алуу жөнүндө сөз болгон эмес. Видеону тартып алган тарап провокация кылган», - деди Бабанов.