Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 161

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин  "Кыргызстан" фракциясынын депутаты  Канат Исаев кармалганын кабарлады.

УКМКнын өкүлү  Рахат Сулаймановдун маалыматына караганда, Исаев  менен бир канча адамдар кармалышкан. Ал адамдар   уюшкан кылмыштуу топко мүчө.

 

«Бүгүн  массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде депутат Канатбек Исаев менен кошо   уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү кармалды. Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык башаламандыктарды уюштурууну, андан соң бийликти күч менен басып алууну ниеттенишкен.  Алар  атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да бар жана алар шайлоо учурунда, ошондой эле добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын бурмалаган деген шылтоо менен андан кийин мыйзамга каршы акцияларга катышуу үчүн колдонулмак».

 

УКМКнын өкүлүнүн айтымында,  топтолгон материалдарга ылайык Канатбек Исаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын бергени аныкталды. Муну менен катар бийликти курал колдонуу менен басып алуу жана өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралган. Учурда тергөө жүрүп жатат.