Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 234

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун

Төрайымы А.А.Токбаевага

 

Ишке тиешеси бар сотторго

 

Кыргыз Республикасынын журналисттер,

укук коргоо коомчулугунун, интеллигенция,

бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн

 

Кайрылуусу

 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Р.Сыдыковдун 2017-жылдын  12-сентябрдагы  өкүмү менен журналист Зулпукар Сапанов КР КЖКнын 299-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка күнөөлү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн режимде өтөөгө дуушар болуп отурат.

 

Мындай өкүмдүн кабыл алынышына, биздин маалыматтар боюнча, диний аалымдар Дүйшөн ажы Абдылдаевдин, Кадыр Маликовдун, КР эл акыны Надырбек Алымбековдун, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу жана башкалардын улуттук коопсуздук комитетине жазган арызы себеп болгон.

Соттун өкүлүндө “З.Сапанов жалпыга маалымдоо каражаттарынын тажрыйбалуу өкүлдөрүнүн бири катары өзүнүн жазгандары аркылуу элдин эркине жана аң-сезимине таасир берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин билип туруп  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик бийлигине каршы атайын кылмыш жасоо жолуна түшкөн”- деп белгиленип, анын мисалы катары З.Сапанов жазган “Кыдыр санжырасы” китеби далилге тартылып, анда “бул китептин маңызы жана мазмуну, бир жагынан, кыргыздарды жана түрк тилдүү элдерди диний каада-салттарын  сактоо жолу менен бир тукумга (род) алып келүүнү көздөсө, экинчи жагынан  Ислам, Христиан жана дин кызматкерлеринин ортосунда диний кастыкты козутууга багытталган” - деп көрсөтүлгөн.

 

Андан ары өкүмдө сот З.Сапанов салттуу Исламдын, Христиандардын жактоочулары менен диний кызматкерлердин ортосунда душмандыкты козутуу максатында өзүнүн жасаган аракеттеринин кылмыштуу экенин алдын-ала билип туруп Ислам жана христиан диндеринин каада-салттарын ачык эле мазактап, ошол эле убакта дин кызматкерлерин бир тараптуу жана негизсиз көкөлөтүп, алардын гана жол-жоболорун колдонууга чакырык баштайт” - деген бүтүмгө келиптир.

Жалпак тил менен айтканда, соттун өкүмүнө ылайык журналист З.Сапанов ислам жана христиан динин туткандар менен дин кызматкерлерин бири-бирине каршы койгон болуп чыгат. Дин менен жан дилинен биригип, ага кызмат кылгандарды бири-бирине кантип каршы коюуга болот?  Бирок, өкүмдө ушинтип жазылып турбайбы...

 

Соттун өкүмүнө ишенсек “жараткандын атын жамынып бийликке жеткенге, байлык жыйнаганга аракет кылган террордук топторду теске салып, такымына кара ташты толгой турган Ислам, Христиан, Иудей ж.б. багыттагы дин өкүлдөрү бир Кудайга сыйынып, бир дүйнөдө жашап, бир адамдан тараганыбыз тууралуу турмуш чындыгына дал келбеген албарстынын эски жомогун кайталап, жалпы элге жараткандын жалгыз жолун көрсөтө албай, жеке курсактын гана камын ойлогон кара күчтүн кулчулугун кылып отурат” - деген сөздөр диний кастыкты козутат имиш. Алар “түздөн-түз диний кызматкерлердин Ислам, Христиан ж.б. диндерден артыкчылыгын даңазалоого багытталып, бул чакырыктар ар кандай диндерди тутунгандардын эркине жана аң-сезимине терс таасирин тийгизет” -имиш.

 

Мына ушундай диний кастыктарды козутууга багытталган маалыматтарды камтыган китебин жарыкка чыгаруу менен З.Сапанов Ислам жана Христиан диндерине болгон ишенимди жокко чыгарып, өзүнүн шылдың менен ушакка негизделген ой жүгүрүүлөрү менен аларга сокку уруп, диний кызматкерлерди көкөлөтүү жолу менен Кыргыз Республикасында жашаган Ислам жана Христиан диндерин кармангандардын диний сезимдерине шек келтириптир.

 

Урматтуу президент!

 

Урматтуу Айнаш Абдымановна!

 

Апелляциялык, а мүмкүн кассациялык тартипте бул ишти кароого бөлүнүүчү урматтуу соттор!

 

Биз Биринчи май райондук соту М.Сыдыковдун З.Сапановго  карата чыгарган өкүмүн сот чечимдерине карата жазылган пародия катары баалайбыз. Өкүнүчтүүсү, бул “пародия”  таланттуу журналисттин  4 жылдык өмүрүнө  балта чабууга, эркиндигинен ажыратууга, анын жубайы менен төрт наристесин азапка салууга өбөлгө түзүп отурат.

 

З.Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китеби дагы, андан алынган үзүндүлөр дагы басма сөз каражаттарында кыргыз тилинде жарыяланганына, З.Сапановдун орус тилин жеткиликтүү билбегендигине  карабастан өкүмдүн орус тилинде чыгарылышы эмнени түшүндүрөт? Кыргыз тилинде айтылган ой-пикир орус тилинде интерпретацияга алынып, ал түшүнүктөрдүн бузулуусуна алып келгенин  кантип танабыз? Бул жерде сот М.Сыдыков эмне себептен мамлекеттик тилди басмырлап, орус улутунун бир өкүлү катышпаган ишти орусча жүргүзгөн?

 

З.Сапановго чыгарылган өкүм боюнча кыргыз эл акыны Ш.Дүйшеев калыс пикирин айтып, ал эми акыйкатчы К.Оторбаев  аны “инквизиция” деп атап кетти. Алардан тышкары көптөгөн кыргыздын атуулдары өз кыжырланууларын билдирип, иштин кайра каралуусун талап кылууда.

 

Мыйзам боюнча кайра кароону шаадык сот жүргүзө алат. Ошондуктан Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы бул иштин ак-карасына жете териштирип, адилет чечим кабыл алат деп ишенебиз. Анан калса, ушул эле жылдын 25-апрелинде ушул эле Биринчи май райондук соту Абдылдаев Дүйшөн  ажынын доо арызын карап чыгып, З.Сапановдун  китебинде мыйзам бузууларга жол берген ой-пикирлердин жоктугунан аны жарандык жоопкерчиликке тартуудан баш тарткан.

 

Ал эми сот М.Сыдыковдун акыркы өкүмү сөз эркиндигине, эркин ой жүгүртүүгө багытталган кысым жана чабуул катары бааланат. Мындай өкүмзорлуктан баш тартууга, аны токтотууга убакыт келди деп эсептейбиз.

 

Булак: "Майдан. kg" гезити