Бийлик, мансап дегенде айрым саясатчылардын көзү-башы айланып, оозуна кандай жакшы убада келсе ошону берип, ким колдоо көрсөтөм деп колун созсо, аны менен кол кармашып кете бере турганын көрсөтүүдө. Өзгөчө бул багытта Өмүрбек Бабанов башкалардан ат чабым алдыга кетти.
Кыргызстандын кен байлыктарын иштетүүгө уруксат бере турганын убада кылып, казак жана россиялык олигархтардан миллиондогон каражаттарды алууда, анан ошол каражаттар менен шайлоочулардын добушун сатып алууга кам уруп атканы да айтылып келет. Баарынан кызыгы ал элге жагынуу үчүн ар кайсыл жерде ар кандай сүйлөп атат. Маселен, бир жерде «мен президент болсом, премьер-министр жок болот» дейт дагы, андан 40 чакырым бери жылары менен «Бакыт Төрөбаевди премьер-министр кылам» деп анын жердештерине жагынат.
Мына ушул жагдайларын сөз кылбай эле, анын сөөмөйүн өйдө көтөрүп түшкөн сүрөтү чагылдырылган баннерлери тууралуу сөз кылалы. Мына ушул баннерлери көбүнесе өлкөбүздүн түштүк аймагында илинген. Бул эмнени түшүндүрүшү мүмкүн? Албетте, анын түпкү түшүнүгү «Кудай жалгыз!» дегенди түшүндүрө турганын баарыбыз билебиз. Бирок, аны акыркы учурларда ислам динин беттерине жамынган радикалдар, террористтер өздөрүнүн «символу» кылып алганын билет элек го. Эгерде биз азыр интернеттен «ИГИЛдин талаа командирлеринин сүрөттөрү» деп издесек, дал ушул Бабановго окшоп сөөмөйүн өйдө көтөрүп түшкөн сакалчан ваххабисттердин сүрөттөрүн көрөбүз.
Бабановдун бул рекламалык баннери тууралуу кыргыз басылмаларынан биринчи россиялык басылмалар жазып чыкты. Маселен, россиялык белгилүү «Независимая газета» басылмасы «Новые ведомости» басылмасына шилтеме кылып, «Выборы в Киргизии: агитация с вытянутым пальцем» аттуу макаласын жарыялады. Анда сөөмөйдү өйдө көтөрүү жогоруда белгилеп кеткендей алгачкы түшүнүгү «Кудай жалгыз!» дегенди түшүндүрө турганын, бирок, анын 20-кылымдын аяк ченинен тарта радикал исламчылар өздөрүнүн белгиси кылып алганы айтылат.
Ошондой эле «айрым изилдөөчүлөр шайтан (сатана) келбети түшүрүлгөн суротторго жана гравюраларга негиздеп, ал дагы ушундай шилтөө (жест) менен тартылганын көрсөтүшөт. Сатанисттер, «кара» табынуунун жолун жолдоочулар дагы жогорку күч менен, шайтан, сатана менен байланышуу белгиси катары сөөмөйлөрүн өйдө көтөрүп көрсөтүшөт. Салттуу мусулмандар мындай белгини кабыл алышпайт. Ал эми Россия жана башка Ислам мамлекеттеринде тыюу салынган согушчандар жана командирлер, өзгөчө Түндүк Кавказдан чыккандарга бул тиешелүү», - деп жазылат анда.
Мына ушундай белгини берген сүрөтүн баннер кылып илген Ө. Бабановдун буга чейин ислам динине жакын экенин деле билчү эмеспиз, тескерисинче ал светтик жашоонун жыргалчылыктарын сүйөт.
Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстанда радикал исламчылардын таасири көбүрөөк байкала баштады. Мисалы, КР коргоо кеңешинин расмий маалыматы боюнча Сирияга акыркы жылдарда 500дөн ашуун кыргызстандыктар жөнөп кетишкен. Андыктан так шайлоонун алдында ошондой радикалдарга тиешелүү белгини Бабановдун колдонуп атканы өтө кызык болууда.
Албетте, Бабанов «Мен муну башкача мааниде колдонгом» деп актануусу мүмкүн. Мисалы, байыркы Индияда бул белги күндү түшүндүргөн белги болуп саналган. Бирок, аны 20-кылымда улутчулдар, радикалдар «менчиктештирип» алгандан кийин жер жүзүндөгү бир дагы акыл-эстүү саясатчы бул белгини колдонуп, элдин алдына чыккан эмес.
«Балким Өмүрбек Бабановдун диний билими аздыгынан пайдаланып, аны адашууга алып келишкнедир? Анда аны ким алдады? Анан дагы эмне үчүн мындай баннерлер ислам таасири, анын ичинде салттуу эмес ислам таасири да күчтүү болуп саналган республиканын түштүгүндө илинген?», - деп жазат «Независимая газета».
Эми ушул жерден эске сала кетсек, сентябрь айынын орто чендеринде Өмүрбек Токтогулович Ош шаарындагы драмтеатрдын имаратынын жанында шайлоо алдындагы жолугушуусун өткөргөн. Ошондо аны менен чогуу белгилүү диний ишмер, 1990-жылдардын башында Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болгон Садыкжан Камалов да үгүт иштерин жүргүзгөн эле. С. Камаловдун атасы Хабибулла да жалпы Фергана облусуна белгилүү диний ишмер болгондуктан ал Ө. Бабанов көрсөтүп аткан белги эмнени түшүндүрө турганын билиши керек болчу.
Эмнеге ал муну түшүндүргөн жок? Же «С. Камалов салттуу эмес исламдын ачык өкүлү» деген кептин чындыгы барбы? Буга чейин ММК булактарында жазылган маалыматтарга таянсак, С. Камаловдун тууганы Рашод Камалов кыргыз мусулмандарын Сирияга жөнөтүүгө айыпталып, соттолгон. Анын атасы (С. Камаловдун агасы) Мухаммадрафик Камалов 2006-жылы согушчан-террористтердин тобу менен бирге кыргыз атайын кызматынын операциясынын жүрүшүндө жок кылынган. Анын дагы бир тууганы Абдулвали (мечиттин имамы жана «Өзбекстандын Ислам кыймылы» террордук тобунун насаатчысы болгон) көп жылдар мурун дайынсыз жоголгон.
Мына ушул фактылар менен Ө. Бабановдун сөөмөйүн көтөрүп түшкөн сүрөттөрү чагылдырылган баннерлердин байланышы бар сыяктуу болуп туру. Эмне ал Кыргызстанды радикал исламчылардын да торуна чалынтканы турубу?