Президент А.Атамбаевдин айрым “сүймөнчүк” кадрлары бар. Алар иштей албаса деле, ал тургай коррупцияга аралашса деле жоопко тартылмак тургай, кайра улам бир майлуу кызматтан башкасына которулуп, “күндүк өмүрүндө жорго минип” келатышат. Керек болсо “эч нерсе таба албайсыңар”,- деп чындыкты айткан журналисттерди жекирип коёт. Мына ошондой эрке-талтаң кадрлардын бири Кеңеш Кулматов. Ал Бишкек мэри болуп туруп ансыз деле жедеп бүткөн баш калаанын ого бетер ашмалтайын чыгарган “кызматы” үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчилигине көтөрүлүп, майлуу кызматын жайлуу кызматка айырбаштаган болчу. Уккан кулагыбызга ишенсек, К.Кулматовдун атасы Нурмат аксакал бир кезде ошо тапта жаш А.Атамбаевди колдогон экен. Мына, “атаң барда эл тааны”,- деген ушул экен. Эми президенттин ишаарасы менен “башына күн тийген” Кеңеш байкени 14-сентябрда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын башчылыгына шайлады. Эми бул кызматка президент өзү сунуш кылып жатса, депутаттарың колдоп бербей, өлалбай жүрүппү. Айтайын дегенибиз, мөөнөтү бүтүп жатканда А.Атамбаев үчүн Башкы банкты көзөмөлдөөнү көздөй кишиге ишенип берүү өтө маанилүү болуп жаткан окшойт...
Булак: “Майдан. kg” гезити