Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 181

 

Сузак районунун эли менен Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусуна саясатчы Камчыбек Ташиев да катышты. Анда ал элге талапкерлигин ала турганын айтты.

 

 Ташиев колдоо көрсөткөнү үчүн сузактыктарга ыраазычылыгын билдирип, Жээнбеков үчүн добуш берүүгө чакырды.

 

«Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирем», - деп Ташиев элге ыраазы болсо, Жээнбеков Ташиевге ыраазы экенин ачыктады.

 

«Ал мени менен соодалашып, кызмат сураган жок. Сен президент болсоң, мен премьер-министр болойун да дебеди. Ал мени Кыргызстандын келечеги жана өлкөнүн туруктуулугу үчүн колдой турганын айтты», - деди Жээнбеков.