Камчыбек Ташиев Барпы айыл өкмөтүнө караштуу жолду өз каражатына оңдотту. Алгач жаңы оңдолгон жолдун кызыл лентасын кырккан саясатчы андан кийин топтолгон эле өзүнүн позициясын түшүндүрүп берди.
«Мен жети жыл азыркы бийликке айгак чыгып келдим. Жети жыл чындык үчүн күрөштүм. Азыр эми Сооронбай Жээнбековду колдоону чечтим. Эгер ал президент болуп калса жана бийликте отуруп туура эмес кадамдарга барса, ачыгын айтып чыгууга күчүм да, дараметим да, далалатым да, акыл-эсим да жетет. Андан кыжаалат болбогула. Мен эч кимге сатылган жокмун. Бул да болсо эли-журтум үчүн кызмат кылсам экен деген кадамым», - деди саясатчы.