Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 261


 

“Мени президенттикке талапкер болуудан баш тартты деген сөз жалган”,- деп айтылуу Адахан Мадумаров тарс жарылды.

 

Анткени, Интернет желесине “Адахан Мадумаров президенттикке талапкер болуу арызын кайтарып алды”- деген маалымат тарап кеткен эле. Бирок, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматты тастыктаган жок. Ал эми Мадумаров өзү маалымат жалган экенин ырастап, талапкер болуудан баш тартпаганын айтты. Айтмакчы, Адахан Мадумаров 16-сентябрда Өзгөндө талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусуна Бабанов менен чогуу катышып, элди татыктуу талапкерди колдоого чакырган. Мындан улам аталган жалган маалымат тарап кетиши толук мүмкүн эмеспи…

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити