Президентикке талапкерлер Ѳмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев тандем түзгөндүгүн жарыялашты. Алар кызматтарды алдын-ала бөлүштүрүп алып шайлоого баратышат. Шайлоо боло электе эле бири өзүн мамлекеттин башчысымын деп жарыялады. Экинчиси премьер-министр боломун деп кыялданууда. Бул бир атка учкашкандардын саясий жакындашуусу эксперттердин кызыгуусун жаратты, бирок алардын мандемдүү махабаты узак болбостугу айтылууда.

 

Бакыт Төрөбаевдин кылыгы кылтылдаган жел таман аялды эске салат. Бир карасаң ал баарына жагып жаткандай элес калтырат, бирок ага баш байлагысы келгендер байкалбайт. Ал эми Бабановго жабышкан саясатчы мамлекеттик маанилүү кызмат үчүн өз алдынча күрөшүүгө даяр эместигин ачык эле моюнга алды. Ошондуктан, шайлоо алдындагы тандемдин урааны “Бабанов - президент, Төрөбаев – премьер-министр” деп жаңырууда.

 

Эске салсак, “Өнүгүү-Прогресстин” лидери жакында эле кубулма комбинациялык жүрүш жасагысы келген. Ал Камчыбек Ташиевге, Адахан Мадумаровго жана Ахматбек Келдибековго камыт кийгизип Төрөбаевди президенттик кызматка карай сүйрөтмөк болгон. Квартеттин катышуучулары камыт кийүүдөн бир качып, бир жоошуп акыры ажырашып тынышты. Жаңы партия түзүп, бир талапкерди көрсөтөбүз деген курултайы да болбой калды.

 

Бул табышмактуу төртиликтин пландары да элде жок план болду. Ар бири өз алдынча талапкер болууга умтулушту. Булардын арасынан Келдибеков соттолгондугу жоюлбагандыгы үчүн расмий каттоого жетпей калды. Натыйжада, каалоолору каттоого алынган Төрөбаев, Мадумаров ким менен соодалашсак, бийлик бөлүштүрүүгө кантип катышсак менен алек.

 

Кыялдагы премьер кызматын сунуш кылуу менен Бабанов баасын келтирип Төрөбаевди сатып алды. Бул баатырлардын шайлоого чейин эле жогорку кызматты бөлүштүрүп алышканы таңкалтырат. Анткени, Бабановдун багы ачылып калган күндө ал Төрөбаевди өкмөттүн башына кантип коёт деген суроо жаралууда.

 

“РАЖ” менен “Өнүгүү-Прогресс” азыркы парламентте жөнөкөй эле байкоочулар экендиги баарыбызга маалым. Алардын пикири жана көз карашы эч нерсени өзгөртө албайт. Андан тышкары, Бабанов менен Төрөбаевдин партияларынан айрым депутаттар качып кетишти, ошондуктан өкмөттү отставкага кетирип жаңысын бекитмек турсун, Жогорку Кеңеште алар мыйзам дагы кабыл ала алышпайт. Демек, бул кезектеги фикция менен саясий авантюра бир аз дуу жаратууга гана эсептелген.

 

Түштүктө жактоочулары аз Бабановго азыр Төрөбаевге окшогон өнөктөштөр абадай зарыл. Арийне, мындай биригүүдөн натыйжа чыгары күмөн. “Өнүгүү-Прогресстин” төрагасы саясатта ушунчалык башы айланкөчөк болуп, ар кандай альянстарга жабыша бергендиктен, акыркы жактоочуларынан ажырап калышы мүмкүн. Ошондуктан, жаңы өнөктөштүн Бабановго түштүк облустарда көп добуш алып берери арсар. Анын үстүнө бул аймактардын ишмерлери да электораттын эсин эки кылууга үлгүрүштү.

 

Эксперттердин баамында Бабанов менен Төрөбаевдин байланышы абдан бекем эмес, дегеле буларда эч убакта өнөтөштүк мамиле болгон да болушу да мүмкүн эмес. Маселен, “РАЖ”, Өнүгүү-Прогресс” жана “Кыргызстан” фракцияларынын лидерлери парламентте Сапар Исаковду премьер-министрлик кызматка бекитпөөгө аракет жасашканын саясатчылар жакшы билишет. Бул оюнда Бакыт Төрөбаев акыркы мүнөттөрдө Өмүрбек Бабанов менен Канат Исаевден ойт бере качкан.

 

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Бакыт Төрөбаевге парламеттин спикерлик кызматы сунушталгандыгы үчүн ушундай кескин саяий маневр жасаган деп айтылат. Ал эми жаңы маалыматтар боюнча Төрөбаев шайлоо жыйынтыгы башкача чечилип калса, вице-премьерлик кызматка макул болушу да мүмкүн. Бабановдун виртуалдуу премьерлигине караганда, бул кыялданүмүт кылууга болот, анткени Бабанов адегенде шайлоону утушу керек болуп жатпайбы.

 

Бийликтин жергиликтүү органдарына жакында эле өткөрүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы Бабанов, Төрөбаев, Сариев сыяктуу жана башка президенттике талапкерлердин партияларын аймактар колдобой тургандыгын далилдеди. "Ак-Шумкар", "Өнүгүү-Прогресс" жана ошол эле "Республика" айрым калктуу пункттарда эң минималдуу добуш алып, шайлоо өнөктүгүндө миздери кайтты. Эгерде партиясы улуттук лидер деп эсептеген адам 7 пайыздык тосмодон секире албаса, андай талапкер эч качан президент боло албайт.

 

Ошондуктан, көпчүлүк талапкерлерге көбүргөн ишмерликтери менен көрүнүүдөн башка аргалары жок. Жел үгүттүн арты бош. Ишке ашпаган убадарды кабаттап берип, тандем түзүп тил эмизген түрлүү ишмерлер түркүн амалдар менен кыргызстандыктардын көңүлун бургулары келүүдө. Ачык айтканда, мындай тандемдерден бакиевдердин жыты келет.