«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын чечими менен президенттикке ат салышууга чыккан Адахан Мадумаров шайлоо катышпай, башка талапкер Өмүрбек Бабановду колдомок болду.
Бул тууралуу өзү Өзгөн районунун эли менен жолугушууда айтты.
Саясатчы президент шайлоодо жердешчиликке басым жасоонун кереги жоктугун белгиледи.
«Мага ким президент болот, баары бир, иши кылса өлкө өнүгүүгө бет алса болду», - деди ал.
Буга чейин Мадумаров Бабановду колдоого алат деген имиш кептер пайда болгон. Акыры имиштер чындыкка айланды.