“Шайтандын чоӊунан эмес, кичинесинен корк”- деген кеп бар. Бүгүнкү каарманыбыздын аныктамасы так ушундай.

 

Картинки по запросу Болсунбек Казаков

 

Айтсак, Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаковдун Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде  башчы болуп олтургандагы алешемдиктери ачыкталып эле келет. Аныгында, бул эргул Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде олтурганда базардагы бааларды көзөмөлдөгөндүн ордуна, көрмөксөн болуп олтуруп, мындай кадамы үчүн олчойгон “пара” алып үн-сөзсүз иштеп келгени жалган эмес да. Казаковдун “косяктары” акыры калкып чыгууда. Айтымда Казаков Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине  башчы болуп турган маалда күйүүчү май, цемент, кумшекер өӊдүү элге эӊ зарыл нерселердин баасын көзөмөлдөөдө олчойгон параларды оп тартканы тууралуу кылмыш иштери козголоорун өздүк маалымат булактардан эшиттик. Кыӊыр иш кырк жылда билинээрин ким тана алат? Кандай жашыруун иш болбосун анын чындыгы калкып чыгат. Анткени чындык деген нерсе эртеби кечпи акыры жеӊет. Бирок, бийликтин кол баласы болгон Болсунбек өӊдүүлөр мыйзамды сыйлашабы? Мына ушул башкы маселе…

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.