Акыйкаттын тамчы суусуна зарыгып турган Кыргызстанда бир силкинүү болду. «Оор уйкуда» жаткан Оторбаев деген Акыйкатчыбыз ойгонду.

 

Картинки по запросу Кубат Оторбаев

 

Ойгоно калып эле министрлерге чап салды. Негизи Кубат мырза мурда эле «ойгонуш» керек эле. Бирок, али да кеч эмес. Оторбаевди «Ойготууга» социалдык тармактарда Кыргызстандын мектеп окуучуларынын "жандуу коридор" аркылуу мушташ оюну боюнча тараган видео себепкер болду. Анда окуучулар эки тарапка турушуп ортодон өткөн баланы ур-токмокко алышканын көрүүгө болот. Оюндун бул түрүнө шок болушкан интернет колдонуучуларданы басымдуу бөлүгү тиешелүү тармактар бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, андагы чоң класстын окуучуларына чара колдонууларын талап кылышкан. Бул чуу акыры Акыйкатчыга жетиптир. Жооп катары Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев 11-сентябрда аталган видео боюнча Ички иштер министри Улан Исраилов менен Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага кайрылып, андагы окуя боюнча тыкыр иликтөөлөрдү тапшырды жана иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу Акыйкатчы институтуна билдирүүлөрүн суранды. Эми уйкуӊуз алп Манас атабыздыкы болсо деле кангандай болду, Кубат мырза. Мындай маселелерди кагаз жүзүндө эле калтырбай, акырына чейин чыгараарсыз…

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.