“Саясат. kg” маалымат сайтына мындан бир канча күн мурун президенттикке талапкер Темир Сариев тууралуу “Темир Сариев Кыргызстанды контрабандисттердин ѳлкѳсүнѳ айлантабы?” деген аталыштагы макала жарыяланган.
Талапкердин өкүлү Айжан Орозакунова “Ак Шумкар” партиясына Зухра Балтабаева аттуу айым эч качан мүчө болбогонун билдирди.
Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн, мындан мурда жарыяланган макалабызга кыскача кайрылалы.
Жакында Зухра Балтабаева аттуу айым Индиядан бери көздөй 1 млн. 641 миң 290 долларды мыйзамсыз алып чыгып баратканда кармалганын индиялык басылмаларга таянышып, кыргызстандык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Аталган айым акчаны 8 килограммга жакын алтын сатып топтогонун, а алтынды Кыргызстандан алып келгенин ачыктаганы да айтылган. Андан көп өтпөй контрабанда менен алектенген айымды президенттикке талапкер Темир Сариевге байланыштырып башташты. Биздин сайт такталбаган жалган маалыматтарга таянып, жогоруда белгиленген макала жарык көргөн.
Талапкердин өкүлүнүн белгилешинче, Зухра Балтабаева эч убакта “Ак Шумкар” партиясынын катарында болгон эмес жана Темир Сариев менен тааныштыгы жок. Ошондон улам, өздүк булактардын жалган маалыматына ишенип, калпыстык кетиргени үчүн “Саясат.kg” сайты Темир Сариевден кечирим сурайт.