Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 280

 

Шайлоо деген кызык эле. Саясатта өнөктөштөр улам бири «жаӊы табылгалар» менен көшөгөсүн көгөртүп, укмуш эле болуп жатышат. Ал, ал болсун. Бирок, карапайым калк, өзгөчө элет жери эки жааташа, атургай ант ичише бөлүнүүчүлүккө барып жатканы кейитет. Маселен, айрымдар «бул биздин чөлкөмдүн баласы, аны шайлабасаӊар кусур урат, каргыш айтабыз»-деген деӊгээлге барышууда. Арийне, мындай пастык менен биз кайсы бийиктикти багындыргыбыз келип жатат? Же жан жөкөрлөрүнүн караӊгылыгынан кара ниеттик менен пайдаланган талапкер эмнеге жетет? Шайлоо да бүтөт. Жаӊы ажолуу да болобуз, бирок эртеӊ эл болуудан калып кетүү деген коркунучту аралатуунун не зарылчылыгы бар эле. Же бир жолку шайлоо менен «талак» беришкен эрди-катынча элдер эки жааташа ажырым жолго түшсө андан мамлекет эмне утат? Ушундай кырдаалда аксакалдарыбыз акыйкат сөзүн айтып чыгышса эмне? Же биздин карылар сыйлык алып, устукан тартылаарда эле эл алдына чыгып калышканбы?

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити