Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 383

 

Шайлоонун шарданы менен биригүүгө барышкан саясатчылар Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдер жаӊы саясий партия түзүү ниеттерин билдиришкен болчу. Бирок, арадан көп убакыт өтпөй, төртилтик жоюлуп, төртөөнүн башын бириктирип, «Кайра жаралуу» деген аталыш алган жаӊы партиянын сьезди өтпөй калды.

 

Башында бириккен саясатчылар 11-сентябрда курултай  өткөрүшүп, бирдиктүү талапкер чыгарышаарын убадалашкан.  Бирок, Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековдун Сооронбай Жээнбековду колдой турганы маалым болду. Ал эми Мадумаров өлкөнүн тынчтыгы үчүн кайсы талапкерди болбосун колдой турганын жар салды.

 

«Кайра жаралууда» жалгыз калган Бакыт Төрөбаев ар кайсы маалымат каражаттарына пикирин билдирип, партиянын курултайы арасындагы саясатчылардын башка талапкерлерди колдоп кеткени үчүн болбой калганын билдирүүдө.

 

Ал эми «Ата Журт» партиясынын пресс-катчысы Нургазы Анаркуловдун айтымында, жаӊы партиянын өмүрү кыска болгонунун, курултайдын өтпөй калганынын күнөөсү Төрөбаевдин өзүндө.

 

«Биринчиден, партиянын «Кайра жаралуу» деген аталышын Төрөбаев башкалар менен кеӊешпей, өзү тандаган. Бул үчүн Мадумаров экөөнүн ортосунда талаш жаралган. Ал турмак, партиянын курултайын өткөрүү күнүн да Төрөбаев жанындагы саясатчыларга акыл салбай эле, өзү белгилеген. Ошондуктан, партиянын жашабай атып жайраганынын себеби - өзүн лидер эсептеп, кыйын болуп, элди тоготпогон, амбициясынын жетегинде калган Төрөбаевде», - деди Анаркулов.

 

Коомчулукта Камчыбек Ташиевдин Сооронбай Жээнбековго кошулушун «саясий соода» катары кабыл алгандар да жок эмес. Бакыт Төрөбаевдин жанындагы үч саясатчынын ар кайсы тарапка кетип, жалгыз калганына боор толгогондор да бар. Төрөбаев да мындай «мүмкүнчүлүктү» колдон чыгарбай, өзүн жабырлануучу катары көрсөтүүнүн айласын кылууда. «Ташиев Жээнбековду колдоп кеткени үчүн курултай болбой калды», - деген ал.

 

Нургазы Анаркуловдун айтымында, Ташиев эч кандай кызмат сураган эмес. Ал биригүүгө эл-жердин тынчтыгы, биримдиги үчүн гана барган. Тескерисинче, Бакыт Төрөбаев да Сооронбай Жээнбековго кошулуудан кайра тартпайт.

 

«Төрөбаев Жээнбеков менен соодалашып, бир гана шартта, эгер спикерликти берсе колдойм дегени жашыруун эмес. Азырга чейин эле ошол талабы менен жүрөт. А Ташиев кызмат сураган жок, ал элдин эртеӊкисин ойлоп, шарты жок эле кошулду», - деп белгиледи Анаркулов.