Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 296

 

Маалымат жыйынын өткөргөн Азимбек Бекназаров: «Мага кылмыш ишинин козголушунун башкы себеби – алдыдагы президенттик шайлоо. Бирок, мени муну менен коркута алышпайт», - деп билдирди.

 

Айтымында, өзүнө кылмыш иши козголгонун маалымат каражаттарынан билген.

 

«Мен эч кандай расмий билдирүү албадым. Менин Текебаев менен Чотоновдун сотунда берген көрсөтмөм эсепке алынган жок, ал соттун чечимине таасир бербеди. Эгер менин көрсөтмөм менен аларды актап салышса, анда башка иш эле», - деди Бекназаров.