Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 532

 

Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынын өткөрдү.

 

Эске салсак, Бекназаров менен Ташиевдин Текебаевдин соту тууралуу сүйлөшүүсүнүн аудиожаздыруусу интернетке тараган. Анда, Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин айткан. Бул боюнча саясатчыга каршы жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш иши козголгон.

 

«Бийлик кандай айыпка жыккысы келсе, ошол аткарылат, ага таң калбай эле койгула», - деди Бекназаров маалымат жыйынында.

 «Акыркы эки жылда Камчыбек Ташиев менен жалгыз сүйлөшкөн эмесмин. Рыкунова боюнча болсо, сүйлөшүү кыргыз тилинде болуптур. Анда эч кандай сыр жок, аны мен китепке да жазгам», - деди.

 

 УКМКга Сomment. Kg сайтынын жетекчиси Раушан Рыкунова да кайрылып, өзүнүн Бекназаров менен сүйлөшүүсүнүн видеожаздыруусун арызына тиркеген. Анда Бекназаров Текебаевдин сотунда атайылап жалган көрсөтмө бергенин айткан.