Шайлоонун шаңы жаңыдан көркүнө чыгып, талапкерлер менен алардын сүрөөнчүлөрү сүлкүлдөп суутулган аттай болуп турган маалы.
“Алыбек алына жараша” дегендей, ар биринин алына жараша сүрөөнчүсү бар. Алсак калың катмар бюджеттик мекемелердин, мамлекеттин акырынан жем жегендердин жерге тийгизбей мактап-жактап сүрөнчүлөгөнү Соке. Өзү жаңы эле мамлекеттик бийликтин кырынан кеткенине карабастан, артынан бул үлкөн машийненин бардыгын артына сүйрөп алганы, көнгөн адаттын калбаганы да, уйга жүгөн салбаганы. Балким Сокебиз өзү кой десе деле болбой, инерция менен ага көрүнүп коёлу, балким президент болуп калса, “бизге деле күн тийип калаар”- деген бюджетчилердин өздөрүнүн дымагыдыр. Болбосо килейген мамлекеттик машина дагы деле болсо мурунку президенттердин убагындагыдай эле алдыга чыкканын майсап, бир күнү майкаңдагычы мокогондо анын башындагылар качып жоголгон адатты карматабы? Эмнеси болсо да Сокебиздин артында “калдайган калк” турат экен эй. Алар кимдер? Бюджетчилер. Бирок, “байлаган ит ууга жарабайт” деген кеп бар. Анын сыӊары азыр элдин көзү ачылган. Муну бийлик унутпашы керек...
Булак: “Майдан. kg” гезити