Бишкек, “Саясат. kg”. Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков БШКны сотко берет.
Бул тууралуу ал өзү маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, БШК аны президенттик шайлоого талапкер катары каттоого албай жарандык укугун одоно бузду.
“Мен Конституциядагы бардык талаптарды аткардым. Мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырдым. 1 миллион сом күрөө койдум. 54 миң жарандын кол тамгасын чогулттум”, - деди Келдибеков.
Бирок, Келдибековдун белгилешинче, анын соттолгондугу алына электигин айтышып, БШКнын жумушчу тобу кол тамгаларды текшерген да эмес.
«Мен айыппул төлөдүм, эркимден ажыроо чечимине дуушар болбогом, оор берене менен айыпталбагам, ошондуктан соттолгондугум алынган», - деп экс-спикер белгиледи.
«БШК менен биздин соттор кандай иштээрин билип турсам да соттошом. Андан сырткары мен тууралуу чечим кабыл алынган БШКнын жыйынынын протоколунун көчүрмөсүн ушул убакка чейин ала элекпиз», - деп кошумчалады.