Картинки по запросу омурбек абдрахманов

 

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызматты ээлеп турганда бир топ коррупциялык иштерге айыпталып, ошол кездеги депутаттык комиссиянын чечими менен кызматтан кеткен. Депутаттык комиссия Бабановдун далай көмүскөдөгү ыпылас иштерин ашкере кылган. Учурда Өмүрбек Токтогулович президент болом деп элге тоодой убада берүүдө. Андыктан ал кездеги депутаттык комиссиянын корутундусу актуалдуулугун жогото элек. Биз ошол учурдагы депутаттык комиссиянын мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановдун орус тилдүү маалыма каражатына курган маегин  кыргызчага оодарып окурман журчулугуна сунуш кылабыз.   

 

Бабанов 743 млн. сом салыктан качкан

 

- Өмүрбек Бабановдун 8 фактысы боюнча атайын иликтөө жүргүзүлдү. Бабанов 1995-жылы СССР паспортун алмаштырып, Казакстандын жарандыгын алып, автоматтык түрдө Казакстандын жараны болгон. Беш жыл аралыгында ал ошол жакта бизнес жасаган, казак паспортун колдонгон, салыктарды төлөп турган, кыймылсыз мүлк менен унааларга ээ болгон. 1999-жылы ал Бишкекке келип ИИМден кыргыз паспортун сатып алган. Ал негизи казак жарандыгынан чыгып, Кыргызстандын президентине кайрылып, паспорт алып туруп жашашы керек болчу.

 

Экинчиден, Бабановдун байлыктары боюнча айсак, биз Мамлекеттик кадр кызматынан анын декларациясын алдык. Декларация боюнча Бабанов бай эмес, жупуну адам. Мисалы, 2010-жылы ал 35 миң доллар кирешесин, 12 миң долларга бааланган батирин,  7 миң доллардык унаасын гана көрсөткөн.

 

Үчүнчүдөн, ал өзүнө тиешелүү “Манас интернейшнл сервис” фирмасынын салыгын төлөгөн эмес. Бул компания Акаев президент болгон алгачкы жылдан баштап күйүүчү-майлоочу май ташууда монополист болгон. Эл бул компанияны Айдар Акаев менен Бабановдун фирмасы катары тааныган. Ошол кездеги салык инспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында бул фирма 743 млн. сом салык төлөбөгөнү аныкталган. Касымалиев (ал ошол кезде Салык инспекциясынын орун басары, жетекчиси болгон) даярдаган аныктама документинде Бабанов салыкты төлөшү керектиги жазылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Жогорку Кеңешке да жолдонгон. Парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитети (Келдибеков башкарып турган) компания салыгын төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.  

 

Ишке В.Хондун мүлкүн тартып алып, аны койдой сабаткан

 

Картинки по запросу Бабанов

 

- Бабановдун “АКБ Кыргызстан” банкына ээ болуп калуусу боюнча айтсак. Ал чындыгында Кипрде жайгашкан офшордук компаниядан өз наамына 20 млн. доллар которуп алган. Биз Бабанов менен маектешкенде ал бул каражаттар офшордук компаниядан келгенин, ал каражатка Кыргызстан банкынын акциясын сатып алганын, ал компания апасына бересеси болгонун айтты. Бабанов ушундай түшүндүрүп берди. Тиешелүү органдар муну текшерип чыгышы керек.

 

В.Хондун билдирүүсү боюнча айтсак. Чындыгында Бабанов менен Хондун ортосунда көп жылдан бери талаш уланып келет. Хон Бабановду нефтебазасын рейдерлик жол менен тартып алганын айтып айтыптап келет. Бул боюнча бир канча жолу соттук териштирүүлөр да болгон. Бабановдун тапшырмасы менен В.Хон бир канча жолу сабалган. Бир жолкусунда өтө катуу тепкилеп кеткен. Сагадылда уулу Жаныбек деген тууганы да сабаган, ал учурдагы компаниянын ээси. Бабанов бул компанияга жана аталган окуяга тиешеси жоктугун айтып келет. Муну да укук коргоо органдары иликтеп чыгышы керек.

 

Бабанов аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жерин тартып алган

 

- Бабановдун жакындары ээлик кылган жерлер тууралуу айтсак. Бабановдун кичи мекенинде жакындары 250 гектар жерге ээлик кылат. Бул жерлер аз камсыз болгон, жакыр элге бөлүнгөн. Бабанов өзүнүн таасири менен бул жерлерди бүгүнкү күнгө чейин бербей келет. Бизге айылдык кеңештеги 7 депутат, карапайым эл бул боюнча кайрылды.  Биз текшергенде ал юридикалык жактан ээлик кылбаганы менен талаш-тартышты абдан жакшы биле турганы аныкталды.

 

Убактылуу өкмөт негедир Максим Бакиевдин компаниясы ээлик кылган “Мегакомдун” болгону 49 пайыз акциясын гана улутташтырган. Эмне үчүн 100 пайыз эмес? Ар бир адам ушул суроону берип жүрөт. Мунун артында эмне турат? Бул бул суроону Жогорку Кеңеште көтөрүп, атайын комиссия түзүлүп, мен анын жетекчисимин. Бабанов бул компанияга да кайдыгер болгон эмес. Ал шайлоого чейин аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан. Биринчи веце-премьер-министр болгондон кийин эки жолу жолуккан. Биринчисинде Москвадагы элчиликтен кезиксе, кийинки жолу өкмөттүн имаратынан эмес өзүнүн кеңсесинде жолуккан.  Бул да болсо Бабанов “Мегакомго” кызыкдар болгонун тастыктап турат. МамДуманын депутаттары Жогорку Кеңешке келгенде спикер Келдибеков Бабанов бул компаниядан 50 млн. доллар сураганын айткан. Биз бул фактыны текшерип аны аныктай албадык. Бирок, биз башка фактыны таап чыктык. Бабановдун жакын адамдарынын бири, Мамлекеттик мүлк министрлигинин орун барасы Кеникеев россиялык инвесторлордон аталган 50 млн. долларды сураганы аныкталды. Кеникеев муну тастыктап, бюджет үчүн сураганын билдирди. Ага мындай укукту ким берген? Муну да тиешелүү органдар аныктап чыгышы керек. Муну менен биз текшерген 8 факты толугу менен далилденди. Бабанов мунун баарына түздөн-түз тиешелүү.