Жакында прездент Атамбаев Өзгөн районуна болгон иш сапарында эл менен жолугушуу учурунда досунун президент болоорунан үмүтү чоң экенин айткан. А бүгүн, Бишкекте Эгемендүүлүк майрамына арналган салтанаттта шайлоодо административдик ресурс колдонулбай турганын билдирди.
Анын досу – Сооронбай Жээнбеков экени маалым. Президенттик партия болгон КСДПдан президенттикке талапкер катары чыккан Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттин башкы тактысына отураарын алдын ала ишенимдүү билгендей, президенттин айткандары дымактуу. Бирок, ошол эле убакта Жээнбековго карата административдик ресурстар күчүнө кире баштады деген эл аралаган кептерди имишке, калпка чыгарды.
«Шайлоодо эч кандай административдик ресурс колдонулбайт. Айрым чиновниктер бар, бийликтин партиясы болсо эле, өз алдынча иш жүргүзүп, ошол партиянын талапкерин шайлаш керек деп ойлоп алган. Андай келесоо кызматчылардан душман артык. Андай чиновниктерди катаал жазалаш керек», - деди бүгүн президент. «Бөрк ал десе, баш алган» чиновниктер өздөрү билип, шайлоочуларга басым жасаганын КСДПнын кылганы деп кабыл албоо керек дегендей каңкуулап койду. Анан да президент шайлоочуларды добушун сатпоого чакырды.
«Миллиондогон акчаларды добуш сатып алууга коротууга ниеттенгендер бар. Бизге тастыкталган маалыматтар келди. Добушуңарды, келечегиңерди акчага сатпагыла», - деген президент ар бир шайлоочу мамлекет башчысын абийири, акылы менен тандоосу керектигин белгиледи.
Ошондо, алдыдагы шайлоо президент айткандай ачык-айкын өтсө, жанды жеген админресурс колдонулбаса, акча бермейлер токтотулса, анда Сооронбай Жээнбеков кандай ыкма менен шайланат? Анын шайлана турганына үмүт артаарын башта билдирген президенттин бүгүнкү сүйлөгөн сөзү ал үмүт эмей эле, бекем орнолгон ишеним экенин ачыктагансыды. Анткени, президент шайлоодон кийин өлкөдө күчтүү толкун пайда болоорун да билип турат. Алдын ала сестендирүү үчүн эч кимге ырайым кылбай турганын да жарыялады.
«Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, өлөгө башаламандыкты орнотом дегендер катаал жазаланат. Аларды жазалоого менин 1-декабрга чейин созулган ыйгарым укуктарын кенен жетет», - деген президент дагы деле чокмор менен чындыкты жалпайта чаба турганын ачык эле айтып таштады.
Шайлоонун жыйынтыгына кайсы убакта нааразычылык күчөйт? Албетте, КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков жеңишсе жетишсе. Анткени, Жээнбековдун саясий фигура катары орду, салмагы жок. «Айдап кел, байлап келди» мыкты билген мамлекеттик аткаруучу. Эл андан Кыргызстандын жалпы бийлигин бек кармап, өлкөнү өргө сүйрөп кете турчу дымакты көрө алышпайт. Нечен жылдар бою мамлекеттик кызматтарда иштесе да, бар-жогу белгисиз болуп келген. Акыркы айларда гана «Чык, эшикке!» деген «атактуу» фразасы менен гана элге бир аз тааныла алды. Анан, мындай талапкер админресурс, же жок дегенде акчасыз, таяп-сүйөөсүз шайлана алат дегенге ишенүү мүмкүн эмес. Шайлоо булактын суусундай тунук болуп, акыйкаттуулукка негизделип өтсө, куру дегенде бай талапкердин байлыгы сүйлөсө дагы, Жээнбековдун утушка ээ болушу дээрлик ылайык келбейт. Анан Атамбаевге кайдагы ишеним жайгашып, шайлоодон кийинки болот урчу нааразычылыктардын күчтүү толкунун алдын ала туюп атат?
Учурдагы бийликтин катаал жазасы – кылмыш иши менен күнкарама соттордун чечими менен темир торго жеткирчү жол. Болуп көрбөгөндөй тездик менен кабыл алынчу чечимдер, өкүмдөр, себеби белгисиз жазалар – коомчулукка акыркы кездерде таң калыштуу болбой калды. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болчуларды дагы да ушул сыяктуу «катаал жазалар» аңдып турганын бүгүнкү салтанатта айтылган сөз далилдеди.