Бүгүн, Кыргызстандын эгемен күнүнө арналган салтанатта сөз сүйлөдү.
«Шайлоонун жыйынтыгын дискредитациялоого алдын ала даярдыктар жүрүп атат. Акыркы жумаларда административдик ресурс колдонулуп атканы, ал КСДПнын талапкерин шайлатууга ниеттелгени сыяктуу имиш кептерди таратып башташты. КСДПнын талапкери жеңишке жетишсе, ызы-чуу чыгарууну да ойлонушуптур» , - деди президент.
«Жокко чыгарбайм, жетекчисинин айтканына карап, президенттик партиянын талапкерине добуш бердиртүүгө аракет кылган чиновниктер да табылышы мүмкүн. Кызмат кылган келесоо душмандан да коркунучтуу. Мындай чиновниктерди жазалоо гана керек», - деп да айтты президент.
Ал эми башаламандыкты уюштуругусу келип аткандар тууралуу Атамбаев: «Менин Конституциядагы ыйгарым укугум 1-декабрга чейин созулат. Бул убакыт мага өлкөгө башаламандык уюштугусу келген ар кандай күчтөрдүн тизгинин тартып, катаал жазалап коюуга кенен жетет. Бул жолу эч кимге ырайым кылбайм», - деди.