Бүгүн, президент Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушка катышты. Анда президент:
«Биз алга умтула беребиз. Биз дайыма кимдир бирөөдөн алдыга чыгып келебиз. Мен бишкектиктерге ыраазымын, алты жыл бою президент катары мени колдоп келдиңер. Силер дайыма мен тарапта болгонуңарды сезип келдим. Эгер мен кайсы бир ишти жасаганга үлгүрбөй калсам, кечирим сурайм. Колдооңорго рахмат!» - деди.