Күздөгү президенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чечүүчү роль ойной турганы белгилүү боло баштады. Анткени, жеңерине көзү жетпеген сасатчылар эмитен чиркешип, тополоңго карай бет алганы байкалууда.
Маалыматтар боюнча көшөгө артында кызмат бөлүштүрүлүп, ким кайсы тармакты ээлери пландалганы каңкууланып жатат. Ошондой эле үчүнчү күчтөр да ишке киришип, амбициясын тыя албагандардын колтугуна суу бүркүп жатканы айтылат. Айтор, геосаясат кызыкчылыгы апогейине жетти көрүнөт. Бул ирет Түркия дагы тумшугун тыгып, Гүленчилерди калкалаган кыргыз көчүнөн өч алууга белсениши ыктымал экени тар чөйрөдө күбүр-шыбыр болууда. Айтор, жүндүү колдордун тукуругу аркылуу күтүүсүз жерден кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Буга эли-журтубуз даяр турушу кажет. Бир региондон баш көтөргөн тыңчыкмалардын бирикме түзүшү да элди кооптондурууда.
Булак: "Де-Факто"