Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 197

 

Бул тууралуу президент Өзгөн районуна болгон бүгүнкү иш сапары учурунда, эл менен жолугушууда билдирди.

 

«Мен дагы мен ишенген досум президент болот деп ойлойм», - деди Атамбаев.

 

Айтымында, өкмөткө жаш кадрлар келишкен, аларга чоң ишеним артат.

 

«Өзүм өстүргөн жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келишти, менимче, алар мен баштап берген жол менен барышат», - деди Атамбаев.

 

«Президенттиктен кеткенден кийин мамлекеттик иштерге аралашпайм. Бирок, баштаган иштеримдин улантылып атканына көз салам. Мамлекеттик кызматта иштеп калат деп ойлоп аткандар жеңил дем ала беришсе болот», - деп кошумчалады.