Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлөрүн куроо боюнча кезексиз жыйынга чогулду. Анда депутаттар арасында кайчы пикирлер жаралды.
Айрым депутаттар өкмөт мүчөлөрүн шашылыш дайындоо мыйзамга каршы келээрин билдирип, саат түшкү экиге чейин тыныгуу кылып, анан регламентке ылайык жыйын өткөрүү зарылдыгын белгилешти.
Депутат Кенжебек Бокоев «бул кылыгыбыз менен элге күлкү болуп атабыз» деп эсептейт.
«Техникалык өкмөт шайлай туралы, беш күндө эмне өзгөрүлүп кетмек эле. Сентябрдан парламент иштейт, калганы ошондо каралсын. Шашыла бербей, мыйзамда кандай жазылса ошол бойдон кетели», - деди.
Ал антсе, кийинки депутат Дастан Жумабеков баары мыйзам алкагында кетип атат деген пикирди карманды.
«Бул жыйын президенттин катынын негизинде өткөрүлүп атат. Тактоо иретинде айтайын, Башмыйзамда 64-беренесинин, 2-пунктунда, президенттин укуктары тууралуу «президент зарыл учурда ЖКнын кезексиз жыйынын чакырууга укуктуу деп турат. Демек, бүгүнкү жыйын мыйзам чегинде болууда», -деди Д. Жумабеков.
Спикер Чыныбай Турсунбеков да баары мыйзам чегинде экенин белгилеп: «Мага президенттен кат келип түшкөндөн кийин, үч күндүн ичинде аткардым», - деди.