Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1788


Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын бардык мүчөлөрүнө...

 

Кымбаттуу жолдоштор!


Достор жана пикирлештер! Мекендештер!


Биз бир нече жылдап Адилеттүүлүк жана Акыйкаттык үчүн күрөштүк, көчөлөргө жана аянттарга чыктык, эшик каккылап, адамдардын жүрөгүн ойготтук! Баарыбыз чогуу көп нерсени башыбыздан өткөрдүк! Бизди жумуштан айдады, окуудан айдады! Бизди коркутушту, сабашты! Бизди камашты! Бизди атты! Бирок бизди сындыра алган жок! Биз сиздер менен чогуу элибизди ойгото алдык! Өлкөбүздү коргоп калдык! Оор жоготуу кымбатка турду, бирок биз ЖЕҢДИК! Мына биз, жөнөкөй партиялаштар, Кыргызстанды Демократия жолуна, эркин Шайлоого жана Мыйзам үстөмдүгүнө алып келдик!


Биз жай турмушубузга түштүк, студенттик аудиториялар жана жумуш ордубузга, анан эмне болду?


Биздин партиябызды контрреволюционерлер менен миллионерлер, мурдагы диктаторлордун чиновниктери менен кошоматчылар басып алды, ээлеп алды! Түрдүү коррупционерлер КСДПга умтулушту! Кечээ эле бизди камагандар, биздин үстүбүздөн күлгөндөр, бүгүн партиябыздын алдыңкы сабында! Биздин адамгерчилигибизден пайдаланып, абийир менен уяттан таптакыр арылгандар КСДПга жабышып, биздин атыбыздан Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кеңештерге депутат болушту, министрлик, губернаторлук, мэрлик орундарды ээлешти.


Мына эми, ошол саясий кубулмалар биздин Партиябызды тартып алууну чечишиптир! Уставды бузуп, жабык эшик артында, биздин оюубузду угуп коюууга да жарабай, көзүбүзгө тике кароодон жалтанышып, Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду “партиядан чыгарышканын” бүт өлкөгө жар салышты. 


Биз мурдагы контрреволюционерлердин тымызын чечимин тааныбайбыз! Биздин партиядан чыгарчу адам - Максим Бакиевдин оң колу Сапар Исаков эмес! КСДП “раим-миллиондор”, басмачы же баскынчыларга эмес, бизге таандык. Түбөлүк мите курттар биздин партиядан колуңарды тарткыла.


Биз, катардагы партиялык активисттер, партияны бекемдөө, социалдык адилеттик жана мыйзамдык үчүн күрөшүп жүрүп, көз карашы жана табияты чоочун адамдардын биздин катарыбызга “жыландай” жылып кирип алганына көңүл бурбай калыптырбыз.


Биз, Партиябыздын Кыргызстандын жаркын келечегин куруу үчүн жарандарыбызга бекем ишеним тартуулап, алга карай илгерилей берет деп чын жүрөктөн ишенгенбиз.


Бирок биз кескин түрдө “ЖОК” деп айтчу мезгил келди. Бүгүн Кыргызстандын келечеги үчүн күрөш жүрүп жатат.


Биз Баатырларча курман болгон бир тууган, жолдошторубуздун төккөн канын унутууга жана ага саткынчылык кулууга акыбыз жок.


Контрреволюционерлер менен күрөштө бизди колдоого чакырабыз! Бизди партиянын катарынан чыгарабыз, тизмеден чиебиз дегендер терең жаңылышат!


Бизге Партиянын өзөгүн түзгөн ардагерлер колдоо жана тилектештик билдирип жатышат.


Биз КСДПбыз. Биз партиянын кезексиз съезддин чакыртылып, анын легитимсиз органдардын кайрадан шайланышын талап кылабыз жана ага күчүбүз жетет. Биз КСДПнын катарын коррупционер менен уруулардан тазалайбыз. Биз КСДПнын ыйык атына жамынып, Кыргызстандын келечегине көлөкө түшүргөн, мыйзамсыз иштерди кылып жаткандардын атын ачык айтабыз.


Бириксек колдон келет!

 

 

Сагынбек Абдырахманов, Ренат Самудинов, ж.б. КСДПнын 34 мүчөсүнүн колу коюлган.

 

 

Булак: «Майдан.kg» гезити