Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 197


 

Кыргызстандын  тарыхына көз чаптырып карай турган болсок, 26 жылдан бери  жалпысынан 28 өкмөт башчы алмашты. Алардын ар бирине токтолуп отуруу, убакытты текке кетирүү менен барабар. Анткени, алардын ичинен эң көп убакыт Апас Жумагулов 4 жыл 3 ай иштесе, Алманбет Матубраимов 1 күн өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болгон.  Ошондуктан 2010-жылы болуп өткөн төңкөрүштөн кийинки өлкөнү өргө сүйрөй алат деп Жогорку Кеңештин депутаттары ишеним арткан өкмөт башчыларынын чама-чаркы эмнеге жетип, эмнеге жетпегенине саресеп салып көрүүнү чечтик.

 

Аргымактын азабы

 

Убактылуу өкмөттүн учурундагы премьер-министрлерди эске албаганда, адеп Өмүрбек Бабанов өкмөттүн эки чылбыр бир тизгинин колго алды.  Премьер-министрликке келээри менен калың журт жаш, иштей турган бала деп көптөгөн ишенимди артканын жашырып болбойт. Бабанов өкмөт башчы болору менен өлкөбүздү 100 күндүн ичинде өргө сүйрөй турганын шардана кылып, 100 күндүк деген аталыштагы укмуштуудай тездик менен өнүгө турчу план программасын алып чыкты. 

 

Бул программаны окуган адам алдыңкы 100 күн аралыгында болуп көрбөгөндөй өзгөрүү болуп, жаңыча жашоо башталчудай эле дуу болгон. Ананчы, 100 күндө баарын ирээтке келтирем деп бакандай болгон өкмөт башчы айтып жатса ишенбегенге айла барбы.

 

“Атын атаса куту сүйүнөт” болуп, бардык тармакта өзгөрүүлөр болот деп күтүп калган элдин демине муздак суу сепкендей эле Бабанов өзү “100 күндө кантип үлгүрмөк элек, этап-этабы менен ишке ашырабыз” деп кутулду. Элде “аа Бабанов сүйлөй берет турбайбы” деген ишенбөөчүлүк жараткан пикир туулду.

 

Ырасында адеп башталганда эле көчө бойлой турган МАИ кызматкерлерин турбасын деп тыюу салды эле, Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандардын саны көбөйүп, иттин баласы байгара дагы МАИчилерди тоготпой калганга жетти. “Автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өтүшү керек”- деген мыйзамды алып салды эле, жол кырсыгына кабылгандардын саны тездик менен өсүп, Кыргызстанга оң рулдуу автоунаалар жайнап Бабановдун “РИОМ” авто базарына толуп эле жатып калды.

 

Бабановдун Өкмөт башчы болуп тургандагы кыялы “Коопсуз шаар” болду. Аракет кылды. Видео байкагычтарды алынып келинерин жар салган. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп бул долбоор ишке ашкан жок. Өзүнүн айтымында буга өкмөт башчылыктан кеткени себеп болуптур.  Ал эми азыр болсо Өмүрбек мырза “Коопсуз шаар" долбоорун киргизбеген Кыргызстан эле калды! Борбор Азияда бардык өлкөлөр эчак киргизишкен. 2012 жылы командам менен бул долбоорду жактап, талашканбыз. Кийинки өкмөттөр муну токтотуп коюшту. Андан бери 4,5 миңдей кыргызстандыктар жол кырсыктарынан каза болду! Кырк миңден ашуун жарандарыбыз жабыркады! Беш жүздөй жаш балдарыбыз каза болду!” деп жар салды. Бирок, жоо кеткен соң кылычыңды ташка чаап дегендей убагында өзү ишке ашыра албаган долбоор үчүн бүгүн Бабанов башкаларды күнөөлөп туру.

Жаш, жакшы кадр, реформа жүргүзбөсө дагы жылыш болот деген элдин тилеги таш каап, Бабановдун ѳкмѳт башчылыгынан кетүүсү элдин эсинде «Күлүктүн куну баш бакандыкты басып жыгылдыбы» деген баш чайкоо менен калды. Эң өкүнүчтүүсү ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрү, Бабановдун отчетун угууга да убакыт тапкылары келген жок.

 

Бабанов премьер-министр болуп турганда англис породасындагы жылкыны пара катары алган деп айыпталып иштен кеткен алгачкы Өкмөт башчы болду.

 

Казына бош

 

Бабановду ээрден оодарып түшкөн “Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчылыкка Жантөрө Сатыбалдиевдин сунуштады. Жаш өкмөт башчы алып келсек жарытпады деп өкмөт башчылыкка карт бөрүлөрдүн бири Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин жактырган Жогорку Кеңештин депутаттары бул жолу да элдин үмүтүн акташкан жок. 

 

Бабанов пара катары аргымак алган деп күнөөлөнүп кетсе,  Сатыбалдиев андан да оор жаза элдин ишенимин актай алган жок деген күнөө менен иштен кетти.

 

Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев “Тилекке каршы, өкмөттүн терс иштери да белгилүү болуп калды. Бул Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекциянын ишин парламент иликтеген, талкуулаган учурда айгинеленди. 11 миллиард сомдун 6 миллиардынын дайыны жок. Өкмөт мокоп калды. Анткени бийлик бул мыйзамдуулук гана эмес, ишенимге байланышкан легитимдүүлүккө ээ болушу керек. Ошондуктан биз өкмөт өзүнүн моралдык-саясий ресурсун түгөттү, өзүнө жүктөлгөн маанилүү ишти аткара албайт деп чечип, коалициядан чыгуу жолу менен өкмөттү алмаштырууга бардык деп билдирген. Жыйынтыгында Жөнтөрө Сатыбалдиев өзү жетектеген өкмөткө карата ишеним ресурсунун түгөнгөнү менен жумушунан кетүүгө мажбур болгон.

 

Сатыбалдиев өкмөт башчы убагында эмнеси менен эсте калды? Эки жыл бою ээрден кыйшайбай отуруп, “ачык айтайын казына бош”, «Кыш мезгилинин аягында жер салыгын кароонун зарылдыгы деле жок, ал эми электроэнергиясынын тарифине Д. Үсөновдон кийин жакындоодон коркобуз” деген сөздөрү жана  2014-жылы ювелирдик буюмдарга, эски унааларды алып келүүгө жана чоң жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө салыкты көбөйтмөй болгону менен эсте калды.

 

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссия дирекциянын ишинде көптөгөн каржылык мыйзам бузуулар болгонун тастыкталганын айтып чыгышты. Жыйынтыгында Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз өкмөттүндөгү “кайгыга кан жутуп турган элдин ырыскысына кол салды” делип жумуштан кеткен алгачкы премьер-министр болуп калды.

 

 

Булак: «Майдан.kg» гезити