Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 512

 

Бир убактарда, азыркы президент Атамбаев тердеп-кургап, өз чындыгын далилдей албай, оппозицияда жүргөн маалында «Бул Акүйгө барган адамдардын баары ажыдаарга айланып кетеби, эмне балээ», - деген пикирин билдирген.  

 

Ажонун бир кезде айткан пикирин эске салгансып, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев «алты жыл мурун арабыздан ажыдаар чыгаарын билбептирбиз» деген оюн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.  

 

«Кечээ, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду 8 жылдан соттошту... "Кыз кезинде баары жакшы..." дегендей алты жыл мурун ажыдаар арабыздан чыгаарын эч кимибиз күткөн эмеспиз...» - деп жазды Канатбек Исаев.

 

Эске салсак, акыркы үч жыл ичинде саясий куугунтуктун негизинде 20дан ашуун адамга кылмыш иши козголуп, чекесинен соттун чечими менен темир тордун артына жаза мөөнөтүн өтөгөнү кетишти. Дагы бир катар депутаттарга: Канатбек Исаевге, Аида Саляновага, Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголуп, сот процесстери жүрүүдө. Алардын тагдыры эртең кайсы тарапты көздөй чечилээрин эч ким билбейт.