Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 203

 

- Сабыр байке, көнүмүшкө айланып бараткан, учурдагы саясый кырдаалды талкулоо маегибизди уланталы. Алдыда келе жаткан президенттик шайлоо жакындап, эки айга чамалуу убакыт калды. Шайлоо чуулгандуу соттук процесстер, укук коргоо органдарынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мыйзамсыз аракеттери, расмий маалымат булактарынын бир тараптуу бийликти жактоо, оппонентерди каралоо аракеттери менен коштолуп, эл ичинде “адилеттүү, калыс шайлоо өтөт” деген ишеним төмөндөп, туруктуулук бузулушунан чочулоолор орун алып, ал тургай, шайлоону байкот кылуу чакырыктары да чыгып кетти. Сиз учурдагы кырдаалга кандай баа берер элеңиз?

 

- Туруктуулук бузулуп, тополоң башталып кетеби (?), деген чочулоо бар. Эки жолку тополоңду башынан кечирген элибиз көп нерсени билип калды. Туруктуулук бузулгандан зыян гана тартып, бекер чыгым, адам өмүрлөрү кыйылып, өсүү токтоп, артка кетээрибиз айдан ачык белгилүү болуп калбадыбы. Ошондуктан, элибиз деле, “кайык чайпалбай”, тынч шайлоо өтүп кетишин каалап турганы байкалат. Бийликтин өзүм билемдиги менен “көтөн зордугу” аркасында уланып келе жаткан сот отурумдары, мамлекеттик органдардын, айрыкча калыс, адилет шайлоо өткөрүү милдети жүктөлгөн БШКнын мыйзамды одоно бузган аракеттеринен улам коомчулук кулагын көтөрүп, элеңдеп, туруктуулук бузулуп кетпесе экен деп чочулап жатат. Эл тынчтыкты каалап турат. Эл туруктуулуктун бузулушун каалабайт, андайга барбайт. Бийликтин өзүм билемдигинен, ыплас жоруктарынан улам туруктуулук бузулуп кетиши мүмкүн.

 

- Жогорку соттун чечимдерин кулак сыртынан кетирип, мыйзамсыздыкка барып жаткан БШКнын чечиминен кийин президенттике талапкерлердин бири шайлоого байкот жарыялоого чакырык таштап, талкуу жаратты. Чакырык бийликтин тегирменине суу куйуу катары бааланып, сындагандар да болду. Ушу маселе боюнча оюңуз?

 

- БШК түптүз жерден тайгаланып, өз абройлоруна кара көө жапкан чечими бүтүн элдин оозун ачырып, кабатырланууну туудурду. Ошол эле чечимди (Садыр Жапаров б-ча) ашыкпай бир-эки күндөн кийин, кошумча маалымат алып туруп кабыл алса, абийирлери сакталып, коомчулук деле ооз ача албай калмак. Анан ошого карабай, БШКнын аброюнун төгүлүүсүн каалаган күчтөрдүн тапшырмасын аткарып жаткансып, өз абийирлерин өзүлөру төгүүгө барып жатышы ойлонтпой койбойт экен да. Бул эмне? “БШК шайлоого чейин ушундай адекватсыз чечимдерди кабыл ала берип, шермендеси чыгып, эл такыр ишенгис болуп калсын, ошондо шайлоонун легитимдүүлүгү күмөн жаратып, шайлоо жараксыз болуп калса, бийликтегилердин мөөнөтү кайрадан жаңы шайлоо өткөнчө узарат, кайра шайлоо болсо ресурстары сарпталган азыркы талапкерлердин баары ташыркап калгандыктан бийликтин оюндагыдай шайлоо өтөт, же ошондой кырдаалдан пайдаланып, өзгөчө кырдаал киргизилип, Баш мыйзам өзгөрүп, бийлик башындагылар “кетпес хан” болуп отуруп алуу” планыбы деген пикирлер айтылууда. Болбосо БШКнын өз абийирин өзүлөрү төгүп жатышын кандай түшүнөбүз?  Адахан Мадумаровдун шайлоого байкот кылуу чакырыгын мен тикелей “байкот” деп кабыл алган жокмун. БШКнын жосунсуз жоругу жаман жакка алып бараарына көзү жеткен саясатчынын коомчулуктун көңүлүн буруп, жалпылап мыйзамсыздыкка каршы көтөрүү аракети катары бааладым. Анткени, Адил Турдукулов баштаган жаштар айтып жаткандай, азыркы кырдаалда шайлоого байкот жарыялоо бийликтин тегирменине суу куйганга тете. Анткени бийликтин ырын ырдаган талапкерлер жетиштүү болгондуктан альтернатива ар дайым болот, шайлоо баары бир өтөт. Болгондо да бийликтин жүгү жеңилдеп, алар каалагандай жыйынтык чыгат да.

 

- Бийликтин талапкери демекчи, акыркы учурда КСДП тарабынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековду өкмөт башылыктан кетирүү аракеттери көрүлүп жатканы айтылууда. Атаандашы Темир Сариевдин талаптары аз келгенсип, Алмазбек Атамбаев өзү баш болуп, айлана тегерегиндегилери төш болуп “Жээнбеков кетет, жаңы өкмөт шайланат, ал болот, бул болот” деген кептер таркап кетти. Тар чөйрөдө “Атамбаев Сокени кидать этип, Бабановго сатылып кетиптир, Жээнбековдордун да жини келип, өкмөт башчылыктан кетүүгө арыз жазбай, президент менен чекилешип калыптыр” деген сөздөр уу-дуу болуп жатат. Ушу тууралу кандай ойдосуз?

 

- Азыркы шайлоодо фавориттер катары Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев, Өмүрбек Бабановдун аттары айтылып жатпайбы. Ошондуктан негизги атаандаш катары Темир Сариев Сооронбай Жээнбековдогу артыкчылыктарды көрүп, нааразы болуп, БШКга кат жолдоп жатат да. Административдик ресурстун таасири ачык байкалып, мамлекеттик каналдарда Сооронбай Жээнбеков байма-бай көрсөтүлө баштаганын жалгыз Темир Сариев менен Рита Карасартова эле эмес бүт эл көрүп, коомчулук, талапкерлердин дээрлик көпчүлүгү айтып нааразы болуп жатат. Ошол үчүн, “кызматта турса артыкчылыктар боло берет экен, кызматтан кетип, эл катары ат салышсын” таризинде “кетсин” деп жатышат. Мындай талаптар дагы да болот. Андыктан Сооронбай Жээнбеков пиар маселесинде аттын оозун тарта жүргөнү абзел. Кыжырдануу жек көрүүгө айланып кетсе өзүнө эле жаман. Бирок, шайлоо тууралуу мыйзам мамлекеттик кызматкер кызматтан кетпей эле, талапкер болуп катталгандан баштап шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп шайлоого катыша берсе болоору ошол мыйзамдын 21 статьясынын бешинчи бөлүмүндө жазылып тургандыктан ал өкмөт башчылыктан отставкага кетпей эле, ыйгарым укуктарын биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевге табыштап коюп катыша алат.

 

Анан, өзүң айткандай, башкалардыкы жетишпей аткансып, Алмазбек Атамбаевдин “премьер министр отставкага кетет, жаңы өкмөт шайланат, 2020-жылга чейин иштейт” дегени көптөгөн суроолорду жаратты. Мындай кадам Жээнбековдорго кантип жаксын? “Көтөрүп атка салганыңан көтүмөн чымчып алганын өттү” дегендей эле болду. Ошон үчүн нааразычылыктар пайда болуп, Соке: - “15инде кетпейм дептир, 21иде заявление кылам дептир, заявлениеси отставка тууралуу эмес, мыйзамга ылайыктап жазылат экен, Атамбаев пластилиндей жуурат десек, азамат тура, президентке каш кайырыптыр” деген сөздөр желдей учуп, тарап кетти. Бул эми Сокенин рейтингин чыңдоо үчүн атайылап макулдашылган жүрүшпү (кандай деген күндө дагы бул Сокенин рейтингин көтөргөнү ырас), же чындап эле Алмазбек Атамбаевдин ою бузулуп Өмүрбек Бабановго ооп кеттиби (?), айтыш кыйын. Анткени, ресурстар баштагыдай эле Сооронбай Жээнбеков тарабында аракеттенип жатканы көрүнүп турат. Айрым серепчилер айткандай, балким, меркантилдүү кызыкчылыктарды канагаттандырыш үчүн гана жасалган ишараттыр. Бир жагынан, “алчумду алдым, жолуңду ачтым, өтөсүңбү, өтпөйсүңбү өзүңөн көр, гарантия жок, ушуну менен чот-чот” деп, эки тараптын тең көңүлүн алууну көздөп жатат” дегендердики да чындыкка жакындай сезилет. Ошондон улам “Жерүй” кениндеги үлүшүн бериптир, соода борборун жазып бериптир” дегенсиген ушактар айтылууда.  

 

Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоо аяктай электе эле өкмөттү алмаштыра койгусу келип жатканы да ар кандай талкууларды жаратууда. Бири “Сооронбайды президенттике талапкер катары көргөзгөн соң өткөзүү керек, ошон үчүн өткөзө тургандарды өкмөткө киргизип алалы, талапкер да алагды болбой бир беткей шайлоо менен алектенсин” дешсе, экинчиси “шайлоонун жыйынтыгы кандай болооруна көздөрү жетпегендиктен, не бар не жок, шайлоого чейин өкмөттү ээлеп, айлана тегерегиндегилерди бир жаңсыл кылып, убадаларынан кутулунуу көздөп жатса керек” дешет. “Алмазбек Атамбаев бийликтен кетсе талаада калабызбы” деп кабатырланган айлана тегерегиндегилер да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өкмөттү колго алууга эки көздөрү төрт болуп президентке таасир этип жаткандары айтылууда. Мурунку жетекчилерин көз ирмебей сатып жиберген кубулмалар кайык чайпалса тияк-бияка чуркай баштайбы деп чочулаган Алмазбек Атамбаев да эптеп аларды жайгаштырууга кызыкдар, “эмне болсонор ошо болгула” дей албайт, сырын алдырып койгон, чочулайт” дегендер да басымдуу.

 

- Адегенде үчилтик, анан эми квартет болуп, бир партияга биригүү, бир талапкерди колдоо идеясы менен чыгып жатышкан Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековдордун жүрүшүнө кандай баа берээр элеңиз?

 

- Кандай баа беребиз? Албетте колдойбуз. Президенттик орун бирөө болсо анан элүү адам жүрсө... Кенешип кескен бармак оорубайт дейт. Реалдуу программасы, ресурсу бар төрт беш талапкердин тегерегине топтолсо элге да жеңил, тандаганга. Эми мындай биригүүлөр кыргыздын өзгөчөлүгүн эске алуу менен болуш керек. Биздин түндүк-түштүк деген оорубуз бар. Ошону эске алып биригүүлөрү керек. Азыр булардыкы таза регионалдык болуп калды. Эми экинчи этабын түндүктүктөрдү кошуу менен улантышат деп ишенем. Ансыз эл биримдикке келе албайт. Мен ойлойм, ушундай биригүүнүн арты партиялык курулушка да өз салымын алып келип, келечекте 200 партия эмес, таасирдүү 3-4 партияга айланууга мүмкүнчүлүк берет.

 

- Эми түндүк тараптан реалдуу шансы бар катары Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун аттары айтылууда. Ушул эки талапкердин кимиси менен биригүү мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептейсиз? Ошондой эле квартеттин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү ниеттери бар экени айтылды, буга кандай карайсыз?

 

- Соке менен албетте сүйлөшө алышат, бириге да алышат. Бул биригүү аларды албетте күчтөнтөт, бирок баары бир түштүктүк бирикме бойдон калат. Андан тышкары алар алам дегендерин – өкмөт башчылыкты ала алышпай калат. Анткени андан ары биригүүнү Сооронбай Жээнбеков улантып, түндүктөн тандем издөөгө туура келет. Квартеттин Темир Сариев менен кызматташуусу реалдуурак да, пайдалуурактай да сезилет. Бабанов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтык берээри күмөндүү. Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаевдин позициялары жол бербегенден улам, квартеттин чачырашына алып келиши мүмкүн. Бабанов үчүн бир эле жол, Соке менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү гана бар сыяктуу.

 

- Сөздүн акырында, бир партияга айланабыз деген саясатчылар партияга ат тандоо үчүн конкурс жарыялашты. Сиз кандай сунуш берээр элеңиз?

 

-У луунун улуусу, сулуунун сулуусу деген сыяктуу, элдин, жердин атын койгон адатты ташташыбыз керек? Классикалык оңчул, солчул, ортозаар, улутчулдар, жашылдар деген сыяктуу партиялар болуш керек. Бизде Социалистик, Коммунисттик, Социал демократиялык партиялар бар. Булар же Либерал Демократтык ЛДПК, же Консервативдик ККП нишаны алса туура болот го дейм.

 

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, "Майдан. kg" гезити