Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 135

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин ою боюнча, Текебаевге каршы иш саясий буйрук экени көрүнүп калды. Ал бул тууралуу кечээ, 16-августта Текебаев менен Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыраткан сот өкүмүнөн кийин SUPER.KG порталына билдирген.

 

 

"Анткени акыркы кездери Өмүрбек Текебаев бийликтин абийирин ача баштаган. Сотто Текебаевге каршы бир дагы ынанымдуу далил жок болгонун бүтүндөй Кыргыз эли көрдү. Эң өкүнүчтүүсү, чет өлкөдөгү бир шылуундардын, жалганчылардын, тарыхы таза эмес адамдардын көрсөтмөсү менен кыргыздын уулдарынын камалып жатканы. Биз жаңы саясий муун, жаш муун кийин сөзсүз түрдө буга тиешелүү адамдарды жоопко тартышыбыз керек. Менин оюмча, Текебаев менен Чотонов ак жеринен камалышты. Президенттик шайлоо алдында оппоненттерди жок кылуу болду. Элдин баары эмне болуп жатканын билип жатат. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт", - дейт анда Жанар Акаев.

 

 

INTER.KG