Темир Сариев өлкөдө сөз эркиндигинин сакталуусун маанилүү деп эсептейт.
«Эркиндик – элибиздин башкы жетишкендиги. Ал үчүн көптөгөн жарандарыбыз күчүн гана эмес, өмүрүн да беришкен. Чыныгы эркиндик сөз эркиндигисиз көркүнө чыкпайт», - деди ал.
Ошондой эле президенттикке талапкер ММКларды коркутуп-үркүтүүгө жол бербөө керек дейт.
«Учурда жакшы эмес тенденцияны байкап турабыз. Көптөгөн журналисттер миллиондогон доого жыгылышты. Мындай чечимди көзкаранды соттор чыгарды», - деп кошумчалады.
Айтымында, анын саясаттагы көп жылында, ал тууралуу кээде карандай калпты жазган журналисттер болгон. Бирок, саясатчы алардын эч кимисин сотко бербеген.
«Сынга чыдамкай болушубуз керек», - деп жыйынтыктады сөзүн.