Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 233

 

 

“Майдан. kg”: Мадумаров, Келдибеков, Ташиев, Төрөбаев кимге каршы бирикти?

 

Эдил Байсалов: Бул төртөөнүн биригүүсү регионалдык добушту чачыратпай, бир талапкерге ыйгарууну көздөйт. Азыркы объективдүү көрсөткүчтөр боюнча, бул талапкердин ысмы - Бакыт Төрөбаев. Бирок, болуптур, Адахан Мадумаров деле болсун деп коелу. Кимиси болгон күндө дагы ал талапкер тоонун аркы жагындагы эски маанайдагы шайлоочуларга "оо, биздикилер ак кийизге салып, хан көтөрүлүптүр" дегендей эле кабыл алынат.

 

Сооронбай Жээнбеков буга чейин эле өтө алсыз, өзүнүн көлөкөсүнөн, Икрам менен Сапардан корккон адам катары кабыл алынып калды. "Сооронбайдан мыкты президент чыкпайт, ал шайланса Атамбаевдин башаламан доору уланат" деп билет эл. Өзү деле "мен саясий курсту улайм" деп карганып атат. Эми болсо, баягы "кыздын сыры төркүнүнө белгилүү" дегендей, өзүнүкүн   чанып, башка бирөөнү тандап алса, Оштон добуш аз алып, 2-турга да чыкпай калышы толук мүмкүн.

 

“Майдан. kg”: Айрымдар “булар идея үчүн эмес, кызмат үчүн биригишти” деп да жатышат. Планы, стратегиясы жок үчүн биригүүгө аргасыз болуштубу?

 

Эдил Байсалов: Эми көрө жатарбыз, бирок чын чынына келгенде А.Мадумаров менен А.Келдибековду азыр бириктирчү бир эле максат болуп турат - бул бийликке келүү. Атамбаевдин доорун элдин баардыгы эле өтө төмөн, эң начар баалоодо. "Атамбаевге каршыбыз" деген ураан менен платформа курууга болбойт. Булар мурун канча шайлоо өтсө, ошончо сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктап, дайым эки ача жол менен жүрүшкөн жетекчилер. Эми азыр экөөнүкү тең электораты, ресурстары азайып, мурун жанган жылдыздары өчүп баштаганда, бири бирине учкашууга аргасыз болуп тургандары ачык эле көрүнүп турат. Бирок, экөөнүн дагы бириккен энергиясы жетишсиз болуп калды.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити